Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу

Рум бөлүгү менен келишим бир гана сүйлөшүү столунда түзүлөт

168399
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти  Дервиш Эроглу

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу : "Рум бөлүгү сүйлөшүү столунан туруу үчүн бир себеп тапты. Эч кимди  колунан тартып сүйлөшүү столуна отурта албайбыз, бирок келишим түзүлө турган болсо сүйлөшүү столунда болот",- деди. Дервиш Эроглу бир кабыл алууда жасаган билдирүүсүндө румдардын келишим түзүү ниети бар болсо келип сүйлөшүү столуна отурарын, ниети жок болсо да сүйлөшүү столуна кайтып келбей турганын айтты. 

Кипрде жашай турган, калкты 40 жыл мурункусуна алып барбай турган келишим түзүү үчүн көптөгөн жылдардан бери иштеп келишкендерин билдирген Эрдоган Кипр түркүнүн 1963 - жылы республикадан четте калганын, 1968 - жылы сүйлөшүүлөрдүн башталганын жана азыр да сүйлөшүү столунда экендерин айтты. 

Согуштун жаман жүзүн көрүшкөндөрүн, Кипрде согуш эмес келишим түзүүнүн артында экендерин баса белгилеген Эроглу : "Түштүк коңшуларыбыз келишим түзбөө, бизди элүү жыл дагы сүйлөшүү столунда кармап туруу үчүн ар түрдүү оюндарга киришүүдө",- деди. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар