Эроглу : «Укугубуздун тебеленүүсүнө уруксат бербейбиз»

Президент Эроглу акыркы абалдарды дипломатиялык жана аскердик жактан дайыма иликтешкендерин белгиледи

166953
Эроглу : «Укугубуздун тебеленүүсүнө уруксат бербейбиз»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу рум тарабын араздашуудан пайда табуунун ордуна чечүүчү жол үчүн сүйлөшүү столуна кайтып келүүгө чакырды. Рум улуттук кеңешинин жасаган билдирүүлөрү менен чаралар пакетине Түндүк Кипр Түрк Республикасынан жооп берилди. Президент Эроглу акыркы абалдарды дипломатиялык жана аскердик жактан дайыма иликтешкендерин белгиледи. Тынчтыкты жана келишим түзүүнү каалашкандарынын ортодо экенин баса белгилеген Эроглу : «Муну менен бирге укугубуздун тебеленүүсүнө уруксат бербейбиз»,- деди. Дервиш Эроглу румдардын Израиль жана Орусия менен Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өткөрө турган иликтөө - куткаруу машыгуусунун жана румдардын буларды колдонуу менен араздашуу чыгарууну байкашкандарын айтты. Булар тууралуу Түркия менен дайыма кеңешишкендерин баса белгилеген Эроглу : «Окуялардын бул жерге келүүсүнүн бир гана жооптуусу рум тарабы»,- деди. Эроглу Түркиянын «Барбарос Хайреттин» паша кемесинин иштеринин болсо отурукташкан деңиз укугунун принциптерине ылайык экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар