Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Венгрия өкүлчүлүгү ачылды

Нами Өздил кипрдик түрктөрдүн эмбарголор, изоляция астында жашаган коом экенин айтты

160256
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Венгрия өкүлчүлүгү ачылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Венгрия өкүлчүлүгү борбор шаар Будапештте кенен катышуучу менен расмий түрдө ачылды. Ачылууга Түркиянын Будапешт элчиси Шакир Факылы, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри жана вице – премьер Нами Өздил, Азербайжан Будапешт элчиси доктор Вилаят Гулиев, Будапешттеги Юнус Эмре Түрк маданий борборунун директору Якуп Гүл менен бирге көп сандаган конок катышты.
Нами Өздил кипрдик түрктөрдүн тилекке каршы көптөгөн жылдардан бери адамзаттык тышы эмбарголор, изоляция астында жашаган коом экенин, ошондуктан дүйнөгө карата бул аракеттердин өздөрү үчүн маанисинин жана баасынын абдан чоң экенин айтты. Шакир Факылы да Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлчүлүгүнүн Будапештте ачылуусунан улам абдан ыраазы экендерин, бул кадамдын ташталуусунда Венгрия өкмөтүнүн колдоосун жана салымын ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айтты. Ариф Алтай болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасы катары абдан жакшы күндөрдүн бирин жашап жатышкандарын, Венгрияда мекеме болуп түзүлгөн өкүлчүлүктү ишке ашырышкандарын айтты.

 

 

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар