Босния-Герцеговинада шайлоо өтүүдө

Шайлоолордо 813 орундуктан бирөөнө олтура алыш үчүн 7 миң 748 талапкер ат салышууда.

154016
Босния-Герцеговинада шайлоо өтүүдө

Европанын ортосунда 1992-1995-жылдардын арасында катуу согушту башынан өткөргөн Босния-Герцеговинада, өлкөдө ок атпоону камсыздаган «Дайтон» тынчтык келишиминен кийин бүгүн жетинчи жолу президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлүүдө.
Босния-Герцеговинанын үчтүк президенттик кеңешинин боснак, серб жана хорват мүчөлөрү менен катар кантон, энтити жана мамлекет деңгээлиндеги өкмөттөрү жана эл өкүлдөрү белгилене турган шайлоолордо 65 саясий партия, 24 көз карандысыз талапкер жана 24 коалиция катышууда.
Өлкөнү жыл бою башкара тургандар белгилене турган шайлоолордо 813 орундуктан бирөөнө олтура алыш үчүн 7 миң 748 талапкер ат салышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар