Ташкентте туризм жарманкеси

Өзбекстанда 20 – Ташкент туризм жарманкеси ачылды

150051
Ташкентте туризм жарманкеси

Дүйнөлүк туризм уюмунун колдоосу менен Өзбек туризм мекемеси тарабынан уюштурулган жарманке абдан чоң кызыгуу көрдү. Түркия сыймыктуу конок болуп катышкан жарманкеге Испания, Италия, Чех республикасы, Иран, Египет, Малайзия, Бириккен Араб Эмирликтери болуу менен 30 өлкөдөн туризм фирма жана агенттиктери катышты.
Түркия жарманкеге он биринчи жолу катышууда. Жарманкеге катышкан маданият жана туризм министринин орун басары Абдуррахман Арыжы Өзбекстандын туризм тармагында виза жеңилдигин берүүсү жана бул жерге учак каттамдарынын көбөйтүлүшү менен түрк турист санынын да көбөйөрүн белгиледи.
Түрк аба жолдорунун Ташкенттеги өкүлү Октай Хайрат да Өзбекстанга эки жылдан бери эң көп турист ташыган аба жолу болгонун айтты. Түркия стенди жарманкеде эң көп кызыгуу көргөндөрдүн арасында орун алды. Өзбекстанда 1995 – жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келген Ташкент туризм жарманкеси үч күнгө созулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар