Эбубекир мечити

Эбубекир мечити 1974 – жылдан кийин биринчи жолу зыяратка ачылды

140292
Эбубекир мечити

Түштүк Кипр Рум бөлүгүндөгү Баф аймагында Эбубекир мечити 1974 – жылдан кийин биринчи жолу зыяратка ачылды. Мечиттин зыяратка ачылуусу менен бирге мечитте 40 жылдан кийин биринчи жолу намаз кылынды. Кипрде тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылып жатканда аралдагы эки коомдун диний жол башчылары да тынчтык процессине салымын кошо турган кадамдарды таштады.
Бул оң кадамдардын бирөөсү дагы түшүмүн берди жана Рум бөлүгүндөгү Баф шаарында Эбубекир мечитинде 40 жылдык убакыттан кийин кайрадан намаз кылынды. 1974 - жылдан бери жабык болгон мечит оңдолгондон кийин кайрадан ыбадатка ачылып, биринчи намазын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дин иштеринин төрагасы Талип Аталай окутту. Талип Аталай намаздан кийинки маалыматында : «Тегерегибиз кан көлү менен курчалып, биздин бул жерде тынчтык үчүн берген кабарларыбыз абдан маанилүү деп ойлоймун»,- деди. Мечит оңдолуп ыбадатка ачылуусу үчүн колдоо берген Рум башкы эпискобу Хрисостодомос да эң негизги максаттарынын «эки коомду жакындаштыруу, мечит жана чиркөөлөрдүн оңдолуп ыбадатка ачылуусу» экенин айтты. Талип Аталай жана коштоосундагы делегация эки күндүк зыяраттарынын негизинде Баф тегерегиндеги башка мечиттерди да зыярат кылат.

 

 

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар