Бакунун боштондукка чыгышынын 96 жылдыгы

Бакуну душмандардын басып алуусунан куткарган түрк аскерлери унутулган жок.

126939
Бакунун боштондукка чыгышынын 96 жылдыгы

Азербайжан сыймыктануучу күндөрүнөн бирин өткөрүүдө.
Дос жана боордош өлкөдө Бакунун боштондугунун 96 жылдыгы чоң кубаныч менен майрамдалууда.
Бакунун боштондугунун 96 жылдыгы өлкөнүн жалпысында ар түрдүү иш-чаралар менен майрамдалууда.
Бул чоң жеңиштин баатырлары таазим кылынып эскерилүүдө.
Майрамдоолордун алдында кечээ Бакудагы түрк шейиттер эстелигине зыярат кылынды.
Шейиттер эстелигине чейин барган жаштар Бакуну душмандын басып алуусунан куткарган түрк аскерлерин урмат сый менен эскеришти.
Расмий майрамдоолор да эртең менен элчи Алпер Жошкундун Бакудагы түрк шейиттер эстелигине гүлчамбар коюшу менен башталды.
Аземдер Бакудагы элчиликтин «Нури Паша» залында уланды.
1918-жылы 15-сентябрда Нури Пашанын башкаруусундагы Кавказ Ислам армиясы Бакуну орус, армян жана англис бөлүктөрүнөн турган армиянын басып алуусунан куткарды.
Бул операциялар убагында 1130 түрк аскери шейит болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар