Шанхай Кызматташтык Уюму кеңейүүдө
ШКУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жобосуна өзгөртүү киргизилди.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жобосундагы өзгөртүүлөр боюнча байкоочу статусундагы Индия, Иран жана Пакистандын келээрки жылы ШКУга кошулуусуна жол ачылды.
Тажикстандын борбор шаары Душанбеде өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчылар кеңешинин 14-саммитинен кийин биргелешкен декларация жарыяланды.
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин атынан жарыяланган 19 беренелик декларацияда, уюмдун кезектешкен төрагалык кызматы Орусияга берилгени жана уюмга кабыл алуу жобосуна өзгөртүү киргизилгени белгиленди. Ушундайча байкоочу өлкө статусундагы Индия, Иран жана Пакистан келээрки жылы ШКУга кошула алышат.
Декларацияда Украинада тынчтыктын кайрадан түзүлүүсү жана кризистин толугу менен чечилүүсү үчүн кеңири сүйлөшүүлөрдүн улантылуусу керектиги белгиленди.
НАТО менен АКШнын абадан коргонуу системалары баса белгиленип, «Мамлекеттердин абадан коргонуу системаларын бир жактуу түрдө кеңейтиши эл аралык коопсуздук жана стратегиялык ырааттуулукка зыян тийгизет» деген сөздөр орун алган декларацияда, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө жана эгемендигине колдоо көрсөтүлгөнү билдирилди.
Ирандын атомдук программасы боюнча 5+1 өлкөлөрү менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөткөн ШКУнун лидерлеринин, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы кризистердин кеңири диалог жана тынчтыкчыл жолдор менен чечилүүсү керектигин ойлогондору белгиленди.
Декларация Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын президенти Ци Зиньпин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Тажикстандын президенти Имамали Рахмандын кол тамгалары менен жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.