Бириничи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Кыргызстанда быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчиси өтүп жатат.

121281
Бириничи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Кыргызстанда быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчиси өтүп жатат.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттук зона Чолпон-Атадагы иподромдо өтүп жаткан жана көчмөн коомчулуктардын улуттук спортторун өнүктүрүүнү жана таантыууну максаттаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын Кыргыз республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жасады.
Ачылыштын башында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жиберген билдирүүлөрү чоң экрандардан көрсөтүлдү.
Атамбаев ачылыш сөзүндө түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин мүчөлөрү Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын президенттерине оюндардын Кыргызстанда өткөрүлөшүнө көрсөткөн колдоосунан улам ыраазычылыгын билдирди.
Ачылыш аземинде көрсөтүлгөн ар бир оюн, андагы музыка, каада-салт бардыгы бир көчмөн калктын түпкү тарыхын байланыштырып турат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев да өз сөзүндө белгилеп, бардык боордош элдерди ширелишкен турмуш курууга чакырды.
«Көчмөндөр адамзаттын тарыхынын башатында турган, адамзаттын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон элдерден. Ата-бабаларыбыздын көчмөндөрдүн философиясын, жашоо турмушун иликтеп, билүүгө биз милдеттүүбүз”,-деди Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев.
Оюндар үчүн даярдалган сахнада улуттук кийимчен кыздардын бийлерин, сахнанын аркасында курулган экрандарда көчмөндөрдүн жашоо маданияты, кыргыздын тарыхчы жана адабиятчыларынын сүрөттөрү мене катар улуттук спорттордун үч өлчөмдүү видеолору коштоду.
Кечеде көчмөн коомчулуктардын жашоо формасы чангылдырылды.
Оюндарга Кыргызстан,Казакстан жана Түркиядан калың топ спортчулар келишти.
Көчмөндөр оюндарына катышкан спортчулар: көк-бөрү, кыргыз күрөш, алыш, казак күрөш, тогуз коргоол, эр эңиш, кунан чабыш, аламан байге, жорго салыш жана ордо оюндары боюнча мелдешет. Ошондой эле, көрүүчүлөр үчүн элдик оюндар жана маданий иш-чаралар тартууланат. Эскерте кетсек, саамалыктыктын ачылышына жети миңден ашуун көрүүчү катышаары күтүлүүдө, алардын ичинде 17 мамлекеттен келген делегациялар жана спортчулар бар. Көчмөндөр оюндарына баш-аягы 350 ашуун спортчу катышмакчы, анын эки жүз элүүсү чет мамлекеттен келген оюнчулар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар