Анкарадагы фестивалда Кыргызстан күнү өттү

11-Эл аралык Анадолу күндөрү, маданият жана көркөм өнөр фестивалында Кыргызстан күнү уюштурулду.

118458
Анкарадагы фестивалда Кыргызстан күнү өттү

Түркиянын Анкара шаарында 11-Эл аралык Анадолу күндөрү ,маданият жана көркөм өнөр фестивалы болуп өттү. Түрк тилдүү калктар арасындагы ынтымакты ,биримдикти жана маданий байланышты бекемдөөнү максат кылган фестиваль 10 күнгө созулуп түрдүү иш-чаралар менен коштолду . Фестивалга Кыргызстан,Түркмөнстан, Казакстан, Крым татарлары , Азербейжан өңдүү дагы бир топ улуттардын өкүлдөрү катышып ар улуттун үрп-адат,каада-салтын чагылдырган буюм тайымдары,кийим кечелери жана улуттук тамак аштары атайын жарманкеге коюлду. Иш чаранын 9 кунундө Түркиянын Кырыккале ,Нигде областары менен бирге Кыргызстан күндөрү да белгиленди.
Фестивалдын ар бир күнүн жергиликтүү белгилүү өнөрпоздор коштоп иш чаранын конокторуна жагымдуу маанай тартуулап турушту.
29-августа башталган 11-Эл аралык Анадолу күндөрү ,маданият жана көркөм өнөр фестивалы 7-сентябрда атайын даярдалган чоң программадагы концерт менен салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды .


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар