Кытай узун сакал коюуга тыюу салды

Тыюу салуулар Кашкардагы мечиттин имамынын өлтүрүлүшүнөн кийин келди

81777
Кытай узун сакал коюуга тыюу салды

Кытай узун сакал койгондордун автобустарга отуруусуна тыюу салды. Кытай мамлекеттик медиасы мусулмандар көп болуп жашаган Шыңжан уйгур автоном аймагындагы бир шаарда узун сакалдуу же исламдык кийим кийгендердин автобустарга отуруусуна тыюу салганын жарыялады.
Орто Азиянын бүткөн жеринде бай булактары болгон, кытайлыктар ‘xinjiang’ деп атаган аймак мусулман уйгурлардын Ата Мекени. 2009- жылы 5 – июлда аймактагы жергиликтүү калк жүздөгөн киши каза болгон, жергиликтүү калк менен Кытай коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулардан таасирленген. Кытай акыркы айларда аймак тышында болгон кол салуулардан аймакта көз карандысыздыгын каалагандарды жооптуу деп тапты.
Оңчул топтор уйгурлардын диний жана маданий өзгөчөлүктөрүнө алып келинген чектөөлөрдүн араздашууну дагы да күчтөндүргөнүн айтышууда. Сүргүндөгү дүйнөлүк уйгур конгрессинин катчысы Дилшат Ришит Карамайдагы чектөөлөрдүн жикчилдик экенин жана уйгурлар менен Пекиндин ортосундагы араздашууну күчтөндүрөрүн айтты. Кытай мамлекеттик телекөрсөтүүсү өткөн жуманын башында 215 кишинин камоого алынганын 59 «террористтин» өлтүрүлгөнүн билдирген болчу. Бул тыюу салуулардын Кашкар шаарындагы эң чоң мечиттин имамынын өлтүрүлүшүнөн бир канча күндөн кийин келүүсү көңүлдөрдү бурууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар