Кипр тынчтык кыймылынын 40 жылдыгын куттуктоолор

Парламент төрагасы Жемил Чичек ушул маанилүү күндө билдирүү жарыяласа,  премьер-министр Эрдоган куттуктоо катын жолдоду.

66116
Кипр тынчтык кыймылынын 40 жылдыгын куттуктоолор

Кипр тынчтык кыймылынын 40 жылдыгы Түндүк Кипр Түрк Республикасында кечээ көркөмдүү майрамдалды.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек ушул маанилүү күндө билдирүү жарыялады.
Парламент төрагасы Чичек туруктуу тынчтыктын эң чоң каалоосу болгонун сөз кылды.
Кипр аралында дагы эле эки калк жана эки мамлекет болгонун белгилеген Чичек, араларындагы араздашуунун чечилиши жана туруктуу тынчтыктын камсыздалышы үчүн жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн оң жыйынтыкка жетиши эң чоң каалоолору болгонун белгиледи.
Чичек бул темада көрсөтүлгөн аракеттерди ушул убакка дейре болгону сыяктуу бүгүндөн кийин да колдоосун уланта турганын белгиледи.
Премьер-министр Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Дервиш Эроглуна бир кат жөнөттү.
Өкмөт башчы Эрдоган: «Сүйлөшүү процессинин эң кыска убакта жыйынтыкталып, референдумдардын өткөрүлүшү менен адилеттүү жана туруктуу чечимге жетилишин көздөөдөбүз»,-деди.
Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бардык тармакта дагы да өнүгүп күчтөнүшү үчүн колдоо улана турганын да билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар