Ташкентте сулуулук жарманкеси өтүүдө

Ташкенттеги сулуулук жарманкесине кызыгуу абдан көп.

101638
Ташкентте сулуулук жарманкеси өтүүдө

Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте Сулуулук- 2014 жарманкеси ачылды. Жыл сайын өсүп бараткан сулуулук каражаттарын пайдалануу жергиликтүү фирмалар менен катар Англия,Италия,Орусия,Индия жана Түркия сыяктуу алдыңкы 18 өлкөнүн катышуучулары менен Нооруз жарманке борборунда башталды.
Терини кароо, сулуулук, медикал эстетика, косметика, парфюмерия жана чач тарач дүйнөсү сыяктуу абдан кеңири камтылган жарманкеде келгендерге өзүн кароо жана билим берүү программалары, сулуулук ыкмалары, ар түрдүү товарлар жана дагы көп жаңылануулар сунушталат.
«Жарманкеге көп сандаган өлкөдөн, атактуу фирмалардан келишкен. Өз тармагында мыкты дасыккан адистер жарманкебизге катышууда. Бүткүл дүйнөдөгү аялдар сыяктуу эле өзбек айымдары да чачты кароого жана өздөрүн кароого көп көңүл бурушат. Жарманкебиз дүйнөдөгү жаңылыктарды өзбек аялдарына сунуштайт»,-деди жарманкенин уюштуруучусу Шерзад Урбаев.
Жарманкеге катышкан түрк фирмасынын ээси Өзжан Арыкан даТүркиядан Өзбекстанга экспорт барган сайын өсүп баратканын белгилеп, өздөрү да ушул максат менен иш-чарага катышканын айтты.
«Учурда жарманке кызуу жүрүп жатат, дагы эки күнгө созулат. Буюрса жакшы болот»- дейт Өзжан Арыкан.
Жарманке, парфюмерия, косметика жана сулуулук үчүн товарлар менен катар сулуулук залдарынын материалдары, чачка керектүү товарлары жана шаймандары, саламаттык сактоо, SPA жана керектүү товарлар да көрсөтүлүүдө.
Аялдарга арналган жарманке жуманын ичинде ачылганына карабастан өзбек аялдарынын кызыгуу борбору болду.
Өзбек айымдар жарманке аянтында курулган стенддерде косметика жана чач жасалгалоочу адистер даярдаган көрсөтүүлөргө абдан кызыгышууда. Бул иш-чара сулуулук жарманкеси болгон соң, кыдырып келгендер дагы катышуучулар дагы жарашыктуу кийимдерин кийип келип жатышат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар