Түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлери Бодрумда жолугушууда

«Туризм кызматташтыгы» темасы менен өткөрүлгөн саммиттин биринчи бөлүмүндө тышкы иштер министрлердин кеңеши уюштурулду.

82834
Түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлери Бодрумда жолугушууда


Мугланын Бодрум районунда өткөрүлгөн «Туризм кызматташтыгы» темалуу саммитке 5 өлкөнүн лидерлери катышууда.
Саммит үчүн Бодрумга эң алгачкылардан болуп келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев болду.
Алиевден кийин президент Абдуллах Гүл саммит өткөрүлө турган районго келди.
«Туризм кызматташтыгы» темасы менен өткөрүлгөн саммиттин биринчи бөлүмүндө тышкы иштер министрлердин кеңеши уюштурулууда.
Саммиттин акыркы күнүндө болсо мамлекет башчылар жолугушат.
Жыйналышта президент Абдуллах Гүл, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов сөз сүйлөшөт.
Туризм кызматташтыгы темасында министрликтер деңгээлинде ташталган кадамдардын жыйынтыктары мамлекет башчылар кеңешинин жыйналышына сунушталат.
Түрк кеңешинин башкы катчысы тарабынан 5-июнда саммиттин жыйынтыктары карала турган маалымат жыйын өткөрүлөт.
Саммиттин алкагында ар түрдүү социалдык жана маданий иш-чаралар да өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар