Давутоглу Кипрге барып кайтты

Ахмет Давутоглу да Кипрда чечим табуу үчүн мүмкүнчүлүк болуп турганда мунун өткөрүлүп жиберилбеши керектигин айтты.

69395
Давутоглу Кипрге барып кайтты

Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасына кечээ иш сапары менен барды.
АКШнын вице-президенти Жо Байдендин аралга жасай турган сапарынын алдында ал жерге барган Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу кабыл алды.
Андан соң сүйлөшүү процессине байланыштуу иш-жыйыны өткөрүлдү. Ал жыйынга премьер-министр Өзкан Йорганжы, тышкы иштер министри Өздил Нами, сүйлөшүүчү Кудрет Өзерсай менен Жумурият мажлисинде өкүлдүк кылынган саясий партиялардын лидерлери катышышты.
Жолугушуулардан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүлдү.
Анда президент Дервиш Эроглу Бириккен Улуттар Уюмунун парламентарларынын негизинде туруктуу чечим табууну жактагандарын айтты.
Эроглу 31-марттан бери рум башкаруучулугунун лидери Анастасиадис менен сүйлөшө электигин жана чакырууларына да жооп ала албагандарына карабастан чечим табууга үмүттөнгөндөрүн билдирди.
Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу да Кипрда чечим табуу үчүн мүмкүнчүлүк болуп турганда мунун өткөрүлүп жиберилбеши керектигин айтты.
Жо Байдендин сапарынын маанисине көңүл бурган Давутоглу сапарынын абдан маанилүү жана оң кадам болгонун белгилеп, эл аралык коомчулуктун башка мүчөлөрүнүн да бул кадамды ээрчип, аралга келип сүйлөшүүлөрдү шыктандыруу темасында эки тарап менен тең платформада сүйлөшүүсүнүн чечим табуу багытында импульс жарата турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар