Түрк басма сөзү 22.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2142546
Түрк басма сөзү 22.05.2024

«Стар» гезити «Эрдоган: Эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтери ачык айкын» аттуу кабарында президент Эрдогандын Румыниянын премьер-министри Чиолаку менен өткөргөн маалымат жыйынында : «Израиль зулумунун токтотулушу жана палестиналык боордошторубуздун коопсуздугунун камсыздалышы боюнча эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтери ачык айкын. Бирок буга карабастан кыргындын алдын алуу чаралары дагы деле көрүлө элек. Нетаньяху жана анын өкмөтү өз жарандарынын коопсуздугуна коркунуч келтирип геноциддик саясатын улантууда. Муну эми токтотуу керек»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Селчук Байрактар: дүйнөгө үлгү боло турчу операция» аттуу маалыматында Ирандын президенти Раиси жана жанындагылар дуушар болгон кырсыкта тик учак кыйраган жерди аныктаган "Акынжы" учкучсуз учуучу аппарат дүйнөнүн күн тартибине айланса, "Байкар" компаниясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы жана технология лидери Селчук Байрактар ​​Түркиянын маданий баалуулуктары жагынан да, технологиялык өнүгүүсү жагынан да дүйнөгө үлгү болгонун айтты.

«Хүрийет» гезити «Түркия саякат индексинде 8 тепкичке көтөрүлдү» аттуу кабарында Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун 2023-жылдагы саякат жана туризмди өнүктүрүү индексинде Түркия 8 баскыч жогорулап, 119 өлкөнүн арасында 29-орунга чыкканын жазган.

«Йенишафак» гезити «Стамбул аэропорту кайрадан биринчи орунда» аттуу маалыматында Стамбул аэропорту 6-майдан 12-майга чейин күнүмдүк орточо 1430 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту катары катталганын жазган.

«Хабертүрк» гезити «Гезеравжы: Айга жетүүнү пландап жатабыз» аттуу кабарында Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжы: «Бир канча айдын ичинде өз өлкөбүз чыгарган ракета жана бул ракетаны космоско алып бара турган кыймылдаткыч системасы менен келечекте Айга жетүүнү пландап жатабыз»,-дегенин билдирген.



Тектеш кабарлар