Түрк басма сөзү 03.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2123961
Түрк басма сөзү 03.04.2024

«Стар» гезити «Метина жана Гарага абадан операциялар жүргүзүлдү» аттуу кабарында Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Гара аймактарына жүргүзүлгөн аба операциясында ПККга мүчө 6 террористтин жок кылынганын билдирген.

«Ватан» гезити «Түрк жарандары үчүн виза мөөнөтү башталды» аттуу маалыматында грек аралдарында түрк жарандары үчүн виза мөөнөтүнүн башталганын жазган. Түрк туристтери Грециянын 10 аралындагы порттордо 60 евро төлөп ала турган виза менен бул аралдарда бир жумага чейин жашай алышат.

«Сабах» гезити «Биринчи кеме токтоду...» аттуу кабарында Орусиянын Сочи шаарынан жолго чыккан 707 жүргүнчүсү бар «Astoria Grande» аттуу круиздик кеменин Египетке сапарынан кийин Измирге келгенин билдирген. Кемедеги көпчүлүгү орус туристтер шаардын борборундагы тарыхый Кемералты базары менен Селчук районундагы Эфес байыркы шаарын кыдырышты.

«Хүррийет» гезити «Автоунаа сатуулар көбөйүүдө» аттуу маалыматында Түркияда унаа сатуу март айларынын рекордун жаңылаганын жазган. Өткөн айда өлкө боюнча 109 миң 828 даана автоунаа жана жеңил коммерциялык унаа сатылды.

«Хабер түрк» гезити «Ягыз Каан Эрдогмуш 12 жашында шахмат боюнча «гроссмейстер» болду» деген кабарында Гренке ачык шахмат турнирине катышкан Ягыз Каан Эрдогмуш 12 жашында «гроссмейстер» наамын алганын билдирген. Шахмат тарыхында буга жетишкен эң жаш 4-ысым болгон Йагыз Каан менен бирге Түркиядагы гроссмейстерлердин саны 16га жетти.



Тектеш кабарлар