Түрк басма сөзү 6.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2111545
Түрк басма сөзү 6.03.2024

«Сабах» гезити «Эрдоган: Нетаньяху жана анын шериктери төгүлгөн ар бир кан үчүн жооп беришет» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөнүн жазган. Канкор Израилдин кыргындарына катуу реакция кылган Эрдоган: «Нетаньяху жана анын шериктери төгүлгөн ар бир кан үчүн мыйзам алдында жана абийир өкүмү алдында жооп беришет»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Фидан АКШга барат» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын эртең боло турган 7-Түркия-АКШ стратегиялык механизм жыйынына катышуу үчүн АКШга бара турганын жазган. Жыйындын күн тартибинде терроризм менен күрөшүүдөн экономикалык кызматташтыкка чейин көптөгөн темалар бар.

«Стар» гезити «MİT жана Стамбул коопсуздук башкармалыгы тарабынан MOSSADга каршы операция» аттуу кабарында Улуттук чалгындоо уюму (MİT) менен Стамбул коопсуздук башкармалыгынын Террор менен күрөшүү бөлүмү тарабынан уюштурулган биргелешкен операцияда, алган маалыматтарды Израилдин чалгындоо кызматы MOSSADга саткан 7 киши кармалды.

«Хабер түрк» гезити «Антальяга эки айда 499 миң 784 чет элдик турист келди» аттуу маалыматында Антальяга быйылкы жылдын алгачкы эки айында келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,82 пайызга өсүп 499 миң 784кө жеткенин билдирген.

«Ватан» гезити «Түрк лососунун экспортунда өсүш» аттуу кабарында Чыгыш Кара деңиз аймагынан түрк лосось экспорту январь-февраль мезгилинде 24 пайызга өсүп 19 миллион 45 миң 787 долларга жеткенин жазган.



Тектеш кабарлар