Түрк басма сөзү 21.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2105147
Түрк басма сөзү 21.02.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган менен Рамадан жылуу билдирүүлөр» аттуу кабарында президент Эрдогандын, Анкарага келген Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен өткөргөн маалымат жыйынында эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүүнү каалагандарын айтканын жазган. Эрдоган: «Албания БУУдагы Палестина добуш берүүсүндө тарыхтын туура бөлүгүндө орун алды»,-деди. Рама да Түркиянын Албанияга көптөгөн темада колдоо көрсөткөнүн жана ыраазы экендиктерин айтты.

«Хүррийет» гезити «Рама: Түркия баш тартылгыс актер» аттуу маалыматында Албаниянын премьер-министри Раманын: «(Газада)  Ок атууну токтотуунун убагы келди. Барымтадагылар бошотулушу керек. Түркия баш тартылгыс актер. Эртеңки күндүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү актер болуп саналат»,-дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Түркиядан мыкты технология» аттуу кабарында Түркия түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан программалык камсыздоонун негизинде дүйнөлүк авиациядагы калыпташкан эрежелерди өзгөртө турганын жазган. Дүйнөлүк авиацияда орток тилди өнүктүрүү аракеттерине салым кошо турган программа ушундай эле тармакта иштеген дүйнөдөгү эки  чоң  программанын кемчиликтерин жоет.

«Сабах» гезити «Ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттын моторлору айырмачылык жаратууда» аттуу маалыматында TUSAŞ Motor өнөр жай аукционердик коомунун башкы директору Махмут Фарук Акшит, атаандаштарына караганда жогорку технология менен учкучсуз учуучу аппараттардын моторлорун чыгаргандарын белгилеп: «Дүйнө жүзүндө атаандаштарыбыз бар, бирок биздин кыймылдаткычыбыз чындап абдан күчтүү жана алардын баарынан жакшыраак. Ошондуктан жаңы мотор болгонуна карабастан чет өлкөдө артыкчылык берилүүдө»,-деди.

«Йенишафак» гезити «АКШда биринчи жолу түрк жараны Америка Конгресси тарабынан сыйланды» аттуу кабарында АКШ Конгрессинин биринчи жолу АКШда жашаган түрк жаранын ал жашаган штаттын коомчулугуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчасы менен сыйлаганын билдирген. Хүсейин Байрам көп жылдардан бери АКШда түрк тамак-аш маданиятын таанытууда кызмат кылып келет.



Тектеш кабарлар