Түрк басма сөзү 14.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2101898
Түрк басма сөзү 14.02.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Израиль көз карандысыз Палестина мамлекетин кабыл алышы керек» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Дубайда өткөрүлгөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитиндеги сөзүндө: «Израиль көз карандысыз Палестина мамлекетин кабыл алышы керек. Палестиналык бир туугандарыбызды эч качан чарасыз, жардамсыз жана жалгыз калтырбайбыз. Тынчтык үчүн кепил болууга даярбыз»,-дегенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Саудиянын 120 гигант фирмасы Түркияга келет» аттуу маалыматында 120дан ашуун саудиялык компаниянын түрк фирмалары менен сүйлөшүү үчүн Стамбулга келе тургандарын билдирген. Компаниялар энергетикадан банкка, коргонуудан авиацияга чейин көптөгөн тармакта инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн издешет.

«Сабах» гезити «Стамбул  алдыңкы орунда» аттуу кабарында Түркиянын айыл чарба экспорту январь айында жылдык негизде 9,3 пайызга өсүп 3,1 миллиард долларга жеткенин жазган. Январь айында 772,3 миллион долларлык айыл чарба продукциясы экспорту менен биринчи орунду ээлеген Стамбул Түркиянын жалпы айыл чарба экспортунун 24,7 пайызын ишке ашырган болду.

«Хабертүрк» гезити «Стамбул туризмде рекорд койду» аттуу маалыматында дүйнөнүн эң көп кыдырылган шаарларынын башында турган Стамбул 2023-жылы 17 миллион 370 миң 30 чет элдик туристти кабыл алуу менен бардык жылдардын рекордун жаңылаганын билдирген.

«Стар» гезити «Британ басма сөзү жазды: Түркия Франциядан да  оозуп кетет» деген кабарында Британиянын Telegraph гезити 'Эмне үчүн быйыл Түркияда эс алуу жылы?' деген макаласында окурмандарына Түркияда эс алууну сунуштаганын жазган. Кабарда: «Дүйнөнүн барган сайын жагымдуу абалга айланган бул бурчу, 2024-жылы Испаниядан кийинки эң көп зыярат кылынган Францияны да артта калтырат»,-деп жазылды.



Тектеш кабарлар