Түрк басма сөзү 20.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2066301
Түрк басма сөзү 20.11.2023

«Стар» гезити «Газадан эвакуацияланган 42 түрк жараны Түркияга алып келинди» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлигинин аракеттери менен "Рефах" чек ара бекетинен Египетке жеткен 42 түрк жаранынын, THY учагы менен Каирден Стамбулга алып келингенин билдирген.

«Йенишафак» гезити «Дүйнө элдери Палестина менен бирге» аттуу маалыматында Европадан Азияга чейин дүйнөнүн бардык жерлеринде өзгөчө Израилдин эң чоң колдоочусу болгон АКШда социалдык медиада топтолгон жүз миңдеген киши Палестинаны колдоо үчүн кайрадан көчөлөргө чыгышканын жазган. Көптөгөн Европа өлкөлөрүнүн жарандары да Израилге колдоо көрсөтүүнү дароо токтотууга чакырышты.

«Сабах» гезити «Орчундуу миссияларда активдүү роль ойнойт» аттуу кабарында капитансыз деңиз аппараты SİDA (Куралдуу капитансыз деңиз аппараты), орчундуу миссияларда роль алууга даярданып жатканда биринчи сыноодон ийгиликтүү өткөнүн билдирген. Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентаризациясына жакында кошула турган Куралдуу капитансыз деңиз аппараты, базаны коргоо, издөө жана куткаруу, чалгындоо, байкоо, күзөт, жер үстүндөгү согуш жана минага каршы чараларды көрүү сыяктуу миссияларда активдүү роль ойнойт.

«Хабертүрк» гезити «Телеграф Түркиянын Эгей жээгиндеги 4 тынч шаарды таанытты» аттуу маалыматында Англиянын атактуу Telegraph гезити Түркиянын жээгиндеги 4 тынч шаарды таанытканын билдирген. Бодрум, Мармарис жана Чешме сыяктуу популярдуу эс алуу жерлерине альтернатива боло ала турган аймактарды тааныткан Telegraph, Мугланын Көйжегиз району жана Ула районуна караштуу Акйака менен Измирдин Фоча жана Сеферихисар райондоруна орун берди.

«Ватан» гезити «Европанын көңүл чордону Түркияда» аттуу кабарында, пандемия мезгилинде туризм тармагында жумушчу күчүнүн үзгүлтүккө учурашынан кийин Европа өлкөлөрү багытын Түркияга бурганын жазган. Түркиядагы туризм студенттерине жана бүтүрүүчүлөрүнө жагымдуу сунуштарды тартуулаган ишканалар, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоодо.



Тектеш кабарлар