Түрк басма сөзү 16.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2065003
Түрк басма сөзү 16.11.2023

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган: Израиль террор мамлекети» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки АК партиянын фракциялык жыйынында жасаган билдирүүсүнө орун берди. Эрдоган сөзүндө: «Израиль террор мамлекети. Маңдайыбызда геноцид турат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиядан Газага саламаттыкты сактоо жардамдары» деген кабарында Газага медициналык жардам алып бара жаткан аскердик учак Кайсериден учуп Египетке конгонун маалымдаган. Газага медициналык жардам алып бара жаткан учакта 9 медицина кызматкери, анын ичинде адис дарыгерлер жана медайымдар бар. Медициналык топ Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен жүргүзгөн иштердин алкагында жарадар болгон жарандарды дарылоодо иш алып барат.

«Стар» гезити «ТКТРнын президенти Татар: Президент Эрдогандын билдирүүлөрү бизге күч берет» аттуу кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татардын: «Президент Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөгөн сөзүндө берген билдирүүлөрү: «Кипр эми жаңы чекитке жетти, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын таанылышы, эмбаргонун жана кипрлик түрк элине таңууланган изоляциянын жоюлушу» сыяктуу бул чакырыктардын бардыгы биздин азыркы адилеттүү ишибизге күч берди»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезитии «Аккую АЭСи үчүн дата берилди» деген макаласында Аккую Атомдук электр станциясы (АЭС) долбоору тууралуу «Аккую АЭСинин биринчи блогунун келерки жылы ишке киришин күтөбүз»,-деген билдирүүгө Дүйнөлүк ядролук бирикменин башкы директору Сама Бильбао и Леон: «Бул абдан жакшы өнүгүү»,- деп сереп салганын жазган. Леон 4 агрегаттын 2030-жылга чейин ишке киришин күтүшкөндөрүн белгиледи.

«Ватан» гезити «Министр Эрсой: Туризмден түшкөн кирешебиз 9 айда 42 миллиард долларга жетти» деген кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун кечээки билдирүүсүндө: «Туризмден түшкөн кирешебиз 9 айда 42 миллиард доллар болду жана орто мөөнөттүү пландын 55,6 миллиард долларлык максатына дал келет»,-деп айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар