Түрк басма сөзү 6.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2060670
Түрк басма сөзү 6.11.2023

«Стар» гезити «Эрдоган: кыргынды токтотуу биздин милдетибиз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Палестиналык бир туугандарыбызды Израилдин зулумунан куткаруу жана Газада дүйнөнүн көз алдында жасалган кыргындарды токтотуу биздин милдетибиз. Газадагы бир туугандарыбызды эч качан жалгыз калтырбайбыз»,- дегенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Кожа: Шашылыш дарыланууга муктаждар Түркияга алып келинет» аттуу маалыматында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа: «Газадагы Түркия-Палестина достук ооруканасында дарыланып жаткан онкологиялык оорулуулар менен бирге мурда бизге билдирилген жана шашылыш дарыланууга муктаж болгон 1000ге жакын бейтап жана жаралуулардын «Рафах» чек ара каптакасы аркылуу Египетке алып келиниши үчүн аракеттерибизди улантып жатабыз. Андан кийин рак менен ооругандардын жана абалы шашылыш болгондордун тез жардам учактары жана кеме ооруканасы аркылуу өлкөбүзгө жеткирилиши пландалууда» -дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «8 облуста террорго катуу сокку урулду» аттуу кабарында ички иштер министри Али Йерликая, 8 облуста уюштурулган «Баатырлар» операциясынын алкагында террордук уюм ПККга таандык 21 үңкүр жана баш калкалоочу жайдын жок кылынганын билдиргенин жазган.

«Ватан» гезити «Байрактар ​​TB3 SİHA учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады» аттуу маалыматында «Байкар» тарабынан улуттук мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан Bayraktar TB3 куралдуу учкучсуз ууучу аппарат SİHAнын, Мармара аймагына таасир эткен жана 130 км/саат ылдамдыкка жеткен түштүк-батыш шамалынын оор шарттарында 3-5 сааттык сыноо учуусун ийгиликтүү аяктаганын жазган.

«Хабертүрк» гезити «Антальяга келген туристтердин саны 15 миллиондон ашты» аттуу кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой быйыл Антальяга келген туристтердин санынын 15 миллиондон ашканын айтканын билдирген.



Тектеш кабарлар