Түрк басма сөзү 1.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2058722
Түрк басма сөзү 1.11.2023

 

«Йенишафак» гезити «Израиль адамзатка каршы кылмыш кылууда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Министрлер кабинетинин жыйынынан кийинки билдирүүсүнө орун берген. Эрдоган: «Газалык боордошторубуз 7-октябрдан бери ырайымсыздык жана зулумдукка кабылууда. АКШ менен Европанын эч кандай шартсыз колдоосун алган Израиль адамзатка каршы кылмыш кылууда. Газалык боордошторубузга белек кылган (Түркия-Палестина) достук ооруканасы да Израиль аскерлеринин бутасына алынды. Ал Израиль жапайычылыгынын акыркы курмандыгы болду»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Гепатит А вакцинасы биздин өлкөдө чыгарылат» аттуу кабарында президент Эрдогандын борбор шаар Анкарадагы KeyVac вакцина чыгарган ишканасынын ачылышындагы сөзүндө: «Көбүнчө чет өлкөдөн келген гепатит А вакцинасы эми биздин өлкөдө дүйнөлүк стандартта чыгарылат. Ушуну менен Түркия вакцинаны эң жогорку стандартта чыгарган 4-өлкө болот»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «28 облуста баатырлардын операциясы» аттуу маалыматында ички иштер министрлигинин координациясында Жандармерия Башкы командирлигинин тандалган бөлүктөрү, 28 облуста «Баатырлар» операциясынын алкагында террордук уюм ПКК тарабынан кыш айларында колдонуу үчүн даярдалган үңкүр жана баш калкалоочу жайларды жок кылганын маалымдаган. Ички иштер министри Али Йерликая : «Террор менен күрөшүүбүз акыркы террорист жок кылынганга чейин чечкиндүүлүк менен уланат»,-деди.

«Стар» гезити «Түрк бронетехникасы дос өлкөдө чыгарылат» деген кабарында Түрк коргоо өнөр жайынын продукциясы болгон «Эждер Ялчын» 4X4 тактикалык дөңгөлөктүү унаасы «Гидран» деген ат менен Венгрияда чыгарыла турганын маалымдаган.

«Хабертүрк» гезити «Чет элдик туристтер Аясофияга акы төлөп киришет» аттуу кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун ЮНЕСКОнун сунушу менен 2024-жылдын 15-январынан тарта туристтерди башкаруу планынын ишке ашырыла турганын, бул күндөн тарта чет элдик туристтердин Аясофияга кирүүсү үчүн акы алынарын билдиргенин баяндаган.



Тектеш кабарлар