Түрк басма өзү  27.10. 2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2056638
Түрк басма өзү  27.10. 2023

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан Европа Биримдигине катуу каршылык : Ок атышпоо үчүн дагы канча бала өлүшү керек?» деген кабарында, Израилдин Газага карата кол салууларына каршылык көрсөткөн президент Режеп Таййип Эрдогандын Европа Биримдигине кайрылып : «Ок атышпоо чакыруусу үчүн дагы канча тонна бомба Газага атылып, дагы канча бала өлүшү керек»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиядан Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна Газа тууралуу чакыруу» деп жазып, Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесуска жазган катында : «Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жол башчылык жоопкерчилиги менен  жана чукул түрдө керектүү аракеттерди жасап, Газада бериле турган медициналык кызматтардын коопсуздугуна кепилдик бериш керек»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Түркмөнстанды толук кандуу мүчө катары көрүүнү каалайбыз» деген макаласында президент Эрдогандын Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухамедов менен пресс  - жыйын өткөрүп : «Түрк Мамлекеттер Уюмуна байкоочу мүчө болгон Түркмөнстанды үй  -  бүлөлүк кеңешибизде толук кандуу мүчө катары көрүүнү калаганыбызды баса белгилегим келет»,-деди.

«Сабах» гезити Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих  Кажырдын  Түркиянын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын өндүрүүдө дүйнөдө биринчи орунду алгандыгын айтканын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Улуттук аскердик учак КААНдын учушу үчүн саналуу күндөр калды» деген маалыматында улуттук аскердик учак КААНдын бул жылкы биринчи учушунан мурда орчундуу баскычтардын биринин ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеген. КААН толук узундуктагы статикалык сыноодо ага колдонулган жүктөргө каршы туруктуулугун көрсөттү. Декабрь айынын башында ылдам такси сыноолорун баштоосу пландалган KAAНдын биринчи учушун аткаруу үчүн саналуу күндөр калды.



Тектеш кабарлар