Түрк басма сөзү 26.10.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2055990
Түрк басма сөзү 26.10.2023

 

«Сабах» гезити «Эрдоган: Эй Израиль! Батыш сизге көп карыз, бирок Түркия карыз эмес!» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүсүндө Батыштын ХАМАСты террордук уюм катары көргөнүн белгилеп, Израилге жана бүткүл дүйнөгө мындайча кайрылганын берген: «Эй Израиль, сен бир уюм болушуң мүмкүн. Бул Батыш сага көп карыз. Бирок Түркия сага эч нерсе карыз эмес. Хамас террордук уюм эмес, ал өз жерлерин жана жарандарын коргоо үчүн күрөшкөн боштондукка чыгуучу, мүжахиддер тобу».

«Хүрриет» гезити «Тышкы иштер министри Хакан Фидан: Кургактык операциясы мыкаачылыкты кыргынга айлантат» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ Катарда жасаган билдирүүсүндө, Израилдин Газага карай кургактык операциясынын бул мыкаачылыкты толугу менен кыргынга айландырарын айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Алтундун Израилге чакыруусу» деген кабарында Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтундун Израиль бийликтерин карапайым калктын курмандыктарына көңүл бурбоосун токтотууга жана кабар кызматкерлерин коргоо үчүн катуу чараларды көрүүгө чакырганын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Антальяга келген турист саны 14,5 миллиондон ашты» деген кабарында Жер Ортолук деңизи туристтик отелчилер жана операторлор коомунун төрагасы Каан Кавалоглу Антальяга келген турист саны кечээки күнгө карата 14,5 миллиондон ашканын айтканын маалымдаган. Кавалоглу шаарга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн Орусия, Германия жана Англия экенин белгиледи.

«Стар» гезити «1915 Чанаккале көпүрөсү сыйлык алды» деген макаласында Түркиянын эң чоң көпүрөлөрүнүн бири жана дүйнөнүн эң мыкты инженердик долбоорлорунун бири болгон 1915 Чанаккале көпүрөсү «Глобалдык мыкты долбоорлор» сынагында биринчиликке татыктуу болгонун белгилеген.



Тектеш кабарлар