Түрк басма сөзү 19.10.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2053017
Түрк басма сөзү 19.10.2023

 «Сабах» гезити «Эрдогандан Израилдин геноцид саясаттарына катуу каршы чыгуу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин Аль-Ахли ооруканасына мыкаачылык кол салуусу менен Газадагы кыргынды башка ченге алып барганын айтканын жазган. Эрдоган: «Түркия катары алгач гуманитардык ок ​​атышпоо, андан соң туруктуу ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн ишибизди улантабыз»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия Палестина үчүн улуттук аза күтүү жарыялады» аттуу кабарында президент Эрдоган Палестинада көпчүлүгү балдар жана бейкүнөө жарандар болгон миңдеген шейиттерге урмат көрсөтүүнүн талабы катары Түркияда 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланганын айтты. Улуттук аза күтүү жарыялангандан кийин Түркиянын бардык жеринде желектер жарымга түшүрүлдү.

«Йени шафак» гезити «Министр Фидан: Мусулман өлкөлөр чара көрүшү керек» деген маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) жыйынында Палестина маселесине адилеттүү жана туруктуу чечим табуу үчүн мусулман өлкөлөрүнүн жаңы ыкмалар жана конкреттүү кадамдар ташталышы керектигин айтканын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Өмер Челик: заманбап тарыхтын эң чоң кыргыны» деген кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челиктин Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусу тууралуу : «Бул адамзат тарыхындагы эң чоң кыргындардын бири. «Бул заманбап тарыхтагы эң ири жана эң пландалган кыргын»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Эмине Эрдогандан дүйнөгө Газа чакырыгы» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Израилдин Газага кол салууларынан каза болгон жарандар тууралуу : «Бул зулумдукту карап турган адамзатка кайрылам; Газада батперек учуш керек, бомба эмес! Балдардын ойногон үндөрү угулушу керек, кайгылуу кыйкырыктарын эмес. Асманды булут каптап турушу керек, түтүн эмес»,-деп бөлүшкөнүн чагылдырган.

 



Тектеш кабарлар