Түрк басма сөзү  17.10.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2051853
Түрк басма сөзү  17.10.2023

«Стар» гезити «Эрдоган  Газа дипломатиясын тыгыз жүргүзүүдө» деген кабарында

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Ирандын пезиденти Ибрахим Реиси, Британиянын премьер  - министри Риши Сунак жана Грециянын премьер  - министри Кириякос Мицотакис  менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн жазган. Реиси менен сүйлөшүүсүндө Жакынкы Чыгышта чыңалууну күчөтүүчү кадамдардан алыс болуу керектигин айткан Эрдоган Сунак менен сүйлөшүүсүндө  көптөгөн жылдар Палестинага берилип бирок аткарылбаган убадалардын эске салынышы жана орундатылышынын маанилүү экендигин айтты. Президент Эрдоган Мицотакис менен сүйлөшүүсүндө адам укуктарын бузуунун токтотулушу үчүн аракет кылып дүйнөгө бул багытта билдирүүлөрдү берүү керектигин белгилеп, каршы чыгууларды күчөтүүчү эмес, азайткан кадамдардын ташталышынын туура болорун айтты.

«Сабах» гезити «Министр Фидан Хамастын лидери менен сүйлөштү» деп жазып, Тышкы иштер министр Хакан Фидандын Израиль  -  Палестина кагылышуусунун башталышынан кийин жүргүзгөн тыгыз дипломатиясын улантып жаткандыгын белгилеген. Министр Фидан бул жолу Хамастын лидери Исмаил Ханиййе менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө жарандарды эркин бошотуу темасы талкууланды.

«Хүррийет» гезити «Өмер Челик батышка катуу каршылык көрсөттү» деген макаласында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин батыш өкмөттөрүнүн Израиль  -  Газа окуяларына карата мамилесин катуу сынга алгандыгын кабарлаган. Өмер Челик : «Батыштык көптөгөн өлкөдө Палесинага колдоо көрсөтүү митингдерине, аянттарда жана университеттерде көрсөтүлгөн кысым айрымдардын өз кылмыштарын жабуу аракети. Балдардын өлүмүнө да тандалма адилеттүүлүк менен мамиле кылгандардын адилеттүүлүк жөнүндө айта турган эч нерсеси жок",- деди.

«Ватан» гезити «Нуман Куртулмуштан билдирүү» деп билдирип, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуштун 1967-жылдагы чек аралар ичинде борбор шаары Иерусалим болгон көз карандысыз, интеграцияланган, эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшү үчүн аракеттердин көрүлүшү керектигин белгилеп : «Бир гана кагаз жүзүндө болгон Палестина эмес жеринин бүтүндүгү да болгон палестинанын түзүлүшү ислам дүйнөсүнүн эң негизги тапшырмаларынан жана Жакынкы Чыгыш тынчтыгынын негизги шарттарынын бири»,- дегенин баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «ТҮРКСАТ 6Анын учурулушуна 8 ай калды» деген маалыматында Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун кечээ берген билдирүүсүндө ТҮРКСАТ 6Анын ушул кезге чейинки бардык сынактардан ийгиликтүү өткөнүн белгилеп : «Жаңы спутнигибиз ТҮРКСАТ 6А 2024 -  жылы июнь айынын ичинде учурулат»,- дегенин баяндган.

 

 



Тектеш кабарлар