Түрк басма сөзү  10.10.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2048728
Түрк басма сөзү  10.10.2023

«Хүррийет» гезити «Түркия ортомчулукка даяр» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуулар тууралуу : «Адилеттүү тынчтыктын жоготуучусу болбойт»,- дегенинин кабарлаган. Эрдоган Түркия катары тараптардын талап кылуусу менен туткун алмаштыруу жана бардык ортомчулукка даяр экендерин айтты.

«Стар» гезити «Эрдоган тынчтык үчүн аракетке өттү» деп билдирип, Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалуунун төмөндөшү үчүн аракетке өткөн президент Эрдогандын аракеттери жана билдирүүлөрү эл аралык басма сөздө кенен орун алгандыгын белгилеген. Дүйнөлүк басма сөз Эрдогандын чыңалуунун токтошу үчүн аракетке өткөндүгүн айтып «Палестина мамлекети кечеңдетиле албайт» деген сөздөрүнө басым жасады.

«Сабах» гезити «Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү» деген маалыматында президент Эрдогандын Израиль  -  Палестина чыңалуусун акырына чыгаруу үчүн бир нече телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн кабарлаган. Израилдин президенти Герцог жана Палестинанын мамлекет башчысы Аббас менен өз  - өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшкөн Эрдоган кагылышуулардын акырына чыгышы жана эртеээк тынчтыкты түзүүгө чакырды. Эрдоган өзгөчө Египеттин президенти Сиси, Ливандын премьер  - министри Микати, Малайзиянын премьер  - министри Ибрахими, Катардын эмири Ал Сани менен да Израиль менен Палестинанын ортосунда болгон абалдар тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

«Хабер түрк» гезити «Түркия террор менен күрөшүүдө чечкиндүү»  деп жазып, президент Эрдогандын чек араларда террор коридорунун курулушуна эч качан уруксат бербей тургандарын айтканын жазган. Эрдоган Ирак жана Сириянын түндүгүндө  1 -  октябрдан тарта ишке ашырылган операциялардын натыйжасында жалпы  194  бутанын атылгандыгын жана  162 террористтин жок кылынгандыгын  билдирди.

«Йени шафак» гезити «Түркиядан Афганистанга жардам» деген макаласында Түркия Афгнаистанда 2 миңден ашуун киши каза болгон жер титирөөдөн кийин  аракетке өткөндүгүн белгилеген. Улуттук коргоо министрлиги гуманитардык жардам жана каражаттардын аскердик жүк ташуучу учактар менен жиберилгендигин жарыялады.



Тектеш кабарлар