Түрк басма сөзү 9.10.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2048005
Түрк басма сөзү 9.10.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Палестина мамлекетин кечеңдетүүгө болбойт» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Палестина-Израиль кагылышуусуна байланыштуу берүүсүндө: «Бүгүнкү күндө Палестина маселеси аймагыбыздын көйгөйлөрүнүн өзөгүн түзөт. Маселе чечилбесе аймак тынчтыкты эңсеп турат. Эки мамлекеттүү чечимди сактап калуу маанилүү. 1967-жылдагы чек араларга негизделген борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекети кечеңдетилгис муктаждык»,-деп айтканын жазган.

«Йенишафак» гезити «Сириянын түндүгүнө жаңы абадан операция» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлиги террордук уюм ПКК/ЙПГга карай жүргүзүлгөн жаңы абадан операцияда дагы 6 бутанын жок кылынганын билдиргенин жазган. Билдирүүдө: «Террордук уюм колдонгон мунай объекти менен жооптуу террористтер бар деп эсептелген баш калкалоочу жайлар жок кылынды»,- деп айтылды.

«Стар» гезити «TB2 жана Albatros камикадзе менен дүйнөдө биринчи» аттуу кабарында ички жана улуттук ресурстар менен өндүрүлгөн камикадзе капитансыз деңиз унаалары (IDA) тобу Albatros, сыноо атууларынын алкагында деңиздеги бута кемени толук тактык менен атып чөктүргөнүн билдирген. Атуу сыноосуна Байрактар ​​ТБ2 учкучсуз учуучу аппараты (İHA) да катышты. Ушундача дүйнөдө биринчи жолу IDA- İHA биргелешкен операциясы менен IDA камикадзе чабуул концепциясы көрсөтүлдү.

«Сабах» гезити «Түркияга дагы бир эл аралык сыйлык» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Зигана туннели менен Эгисте Хадими виадукунун Эл аралык жол федерациясынан (IRF) биринчиликти алганын белгилеп, сыйлыктардын Түркиянын инженерия тармагындагы өнүгүүсүн көрсөткөнүн айтканын жазган.

«Хабертүрк» гезити «Мугланын кооз жерлери Президенттиктин Түркия велосипед туру менен дүйнөгө таанытылат» аттуу кабарында 58-Президенттик Велосипед Турунун (Tour of Türkiye) Мугладагы этаптарында дүйнөгө таанымал велосипедчилер туризм борборлорунда жарыша тургандарын билдирген. Мугланын тарыхый жана маданий кооздуктары менен катар көгүлтүр булуңдары 19 тилде 190 өлкөдө миллиондогон адамга жетет.  



Тектеш кабарлар