Түрк басма сөзү 20.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2013661
Түрк басма сөзү 20.07.2023

«Сабах» гезити «Түркия менен БАЭнин ортосунда 50 миллиард долларлык келишим» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) президент шейх Мухаммед Бин Заид Аль Нахайян менен жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосунда 50,7 миллиард долларлык келишим түзүлгөнүн маалымдаган. Инвестиция, экономика, өнөр жай, коргонуу, укук, сот, кайра жаралуучу энергия жана космос өнөр жайы сыяктуу тармактарда 13 документке кол коюлду.

«Хүррийет» гезити «Newsweekтен Эрдоган тууралуу өзгөчө анализ» аттуу кабарында Орусия Дан коридору келишиминен чыккандан кийин дүйнө кризистен чыгуунун жолун издеп жатканда, Newsweek журналынан Эрдоган тууралуу таң калыштуу анализи чыкканын жазган. Эрдогандын кризистеги ролуна көңүл бурган АКШ журналы Орусиянын президенти Путин менен Украинанын президенти Зеленскийдин Эрдогандын колдоосун алуу үчүн күрөшкөнүн жазды.

«Йенишафак» гезити «Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги өзгөчө өнүгүү» аттуу маалыматында Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 2020-жылдын жайында күчөгөн чыңалуудан кийин бетме-бет келген түрк жана грек согуштук кемелери 3 жылдан кийин НАТОнун карамагында Британия менен биргелешкен машыгуу өткөргөнүн маалымдаган.

«Стар» гезити  «Акысыз 5 жылдыздуу коомдук пляждардын саны 35ке жетти» деген кабарында Маданият жана туризм министрлиги тарабынан Антальяда ишке киргизиле турган 2 миң 600 шезлонгдук сыйымдуулукка ээ Күчүк Чалтыжак бекер коомдук пляжы менен 5 жылдыздуу коомдук пляждардын саны 35ке жете турганын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Антальяга аба жолу аркылуу келген туристтердин саны 7 миллиондон ашты» аттуу кабарында дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди тарткан Антальяга аба жолу менен келген турист саны быйыл 7 миллион 37 миң 883 болгонун белгилеген.



Тектеш кабарлар