Түрк басма сөзү 14.07. 2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2011143
Түрк басма сөзү 14.07. 2023

«Стар» гезити «Дүйнө президент Эрдогандан сөз кылып жатат : НАТО саммитинин баатыры» деген кабарында Литванын борбор шаары Вильнюста болгон НАТО саммитине президент Режеп Таййип Эрдогандын тамга баскандыгын жазган. Чет өлкөлөрдөгү басма сөздөрдө «НАТО саммитинин баатыры түрк президенти», «Вильнюс : Эрдоган так жеңүүчү» жана «Эрдоган  максаттарынын артынан кеткен чебер» деген темаларда кабарлар жарыяланды.

«Сабах» гезити «Эрдоган : Европа Биримдиги убадасында турса биз да аракетке өтөбүз» деп билдирип, президент Эрдогандын НАТОнун лидерлер саммитинен кийин өлкөгө кайтышында учакта берген маалыматында Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү тууралуу : «Түркия катары ар дайым берген убадаларыбыздын аркасында турдук. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн так жыйынтыгын кыска убакытта көрүүнү каалайбыз. Мындан кийин биз да берилген убадалардын турмушка ашырылышына карата аракетке өтөбүз»,- дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Түркия экспорт тарыхында бир алгачкыны ишке ашырды» деген маалыматында соода министри Өмер Болаттын Түркиянын дүйнө соодасынан алган үлүштүн тарыхында биринчи жолу 1 пайыздык деңгээлден жогору чыккандыгын айтканын жарыялаган. Болат Түркиянын экспортунун 2023 -  жылдын биринчи чейрегинде 225, 2 миллиард долларлык деңгээлде ишке ашкандыгын билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Зеугма тектүү мазар стеласы кайтарылды» деп жазып, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун  Италиядан кайтарылып берилген Зеугма тектүү мазар стеласынын Газиантептеги тапшыруу аземине катышкандыгын билдирген. Эрсой акыркы  20 жылда түрдүү өлкөлөрдөн 12 миң  16 чыгарманын тапшырылгандыгын айтты.

«Хүррийет» гезити «Стамбул Европанын фаворит шаарларынын арасында 1-орунда» деген макаласында АКШда чыккан саякат жана эс алуу журналы Travel and Leisureдун (T+L) окурмандары тарабынан тандалган Европанын 15 фаворит шаары тизмесинде Стамбул 1 - орунду алды.

 

 

 



Тектеш кабарлар