Түрк басма сөзү 11.07. 2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2009490
Түрк басма сөзү 11.07. 2023

«Сабах» гезити «Эрдогандан НАТО лидерлерине чакыруу» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүүгү тууралуу НАТО лидерлерине чакыруу салып : «Оболу Түркиянын Европа Биримдигине кеткен жолду ачкыла. Биз да Швециянын жолун ачалы»,- дегенин белгилеген.

«Стар» гезити «Президент Эрдогандын Европа Биримдиги картасы  дүйнөлүк басма сөздө тамгасын баты» деп жазып, НАТО саммитинен мурда президент Режеп Таййип Эрдогандын Европа Биримдигине карата сөздөрү дүйнөлүк басма сөздө тамгасын басканын кабарлаган. Президент Эрдогандын : «Оболу Түркиянын Европа Биримдигине кеткен жолун ачкыла»,-  деген сөзү эл аралык медиада биринчи беттерде орун алды. Европа басма сөзү президент Эрдогандын Европа Биримдиги картасынын «Түркияга муктаждар» деген темада окурмандарына жарыялады.

«Хүррийет» гезити «Ак үй : Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк каалоосун колдойбуз» деген макаласында АКШда Ак үйдөн кечээ берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк каалоосун колдойбуз",- деп айтылды.

«Хабер түрк» гезити «Вице  - президент Жевдет Йылмаз : Европа Биримдиги керектүү эркти көрсөтүшү керек» деп билдирип, вице  - президент Жевдет Йылмаздын Катар маалымат агенттигине берген маегинде Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү тууралуу берилген бир суроого жооп бергендигин баяндаган. Йылмаз : «Түркия Европа өлкөсү катары  өз жоопкерчилигин билет. Европа Биримдигинен күтүүлөрүбүз да карым  - катнаштарыбыздын өнөктөштүк жана мүчөлүк процесси боюнча алдыга жылдыруу үчүн керектүү эркти көрсөтүү»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркиядан Швецияга НАТО визасы» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТОнун баш катчысы Столтенберге жана Швециянын премьер  - министри Кристерссон менен Литванын борбор шаары Вильнюста жолугушкандыгын жазган. Жолугушуудан кийин билдирүү жасаган Столтенберг: «Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу чечимди парламентке билдирет. Урматтуу Эрдоган, мен жана Швеция бир пикирге келип, декларацияга кол койдук. Террор менен күрөшүү чечимибиз Түркиянын коопсуздугуна кошкон салымыбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар