Түрк басма сөзү 20.06.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2001944
Түрк басма сөзү 20.06.2023

«Сабах» гезити «Жевдет Йылмаз : Кипр түркү эмбарголорду жойот» деген кабарында  вице  - президент Жевдет Йылмаздын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар менен өткөргөн пресс  - жыйында «Кипр түркү Түркия Кылымында  көптөгөн жылдардан бери бул жерлерге жасалган эмбарголорду жойот, дүйнөгө ачылат»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министрлиги Израилге каршылык көрсөттү» деп жазып, тышкы иштер министрлигинин Израиль мекемелери тарабынан Батыш Шерианын кеминде  19 аймагына, 4 миң 500 мыйзамсыз конуш куруусун айыптагандыгын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Жаңы учкучсуз учуучу аппараттар биринчи жолу көргөзмөгө чыкты»  деген макаласында ТУСАШ чыгарган жүк ташуучу учкучсуз учактардын ​​Франциянын борбор шаары Париждеги Airshow көргөзмөсүнө чыккандыгын жазган.  Жүк ташуучу учкучсуз учактар ​​менен курал-жарак жана ок-дарылардан күйүүчү майга, жабдыктардан азык-түлүккө чейин ар кандай муктаждыктар абадан  ылдам, коопсуз жана бир топ арзан баада жеткирилет.

«Хабер түрк» гезити «Кытайлык өндүрүүчүдөн Түркияга аккумулятор инвестициясы" деп  билдирип,

Кытай электрлүү автомобиль бренди Skywellдин өндүрүүчүсү Skyworth Түркияда аккумуляторго инвестиция сала турганын жарыялады.

«Стар» гезити «А улуттук курама команда матчтын лидери»  деген маалыматында Европа чемпиондугунун тандоо турунун D тайпасында орун алган Улуттук курама команда Уэльсти жеңип позициясын сактагандыгын маалымдаган. D тайпасында Түркия көрүүчүлөрдүн алдында ойногон беттеште Уэльсти   2-0 эсебинде утту. Упайын 9га көтөргөн Түркия лидерлигин улантты.



Тектеш кабарлар