Түрк басма сөзү 13.06.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1998892
Түрк басма сөзү 13.06.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : жол картабыз тынчтык боюнча» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын Греция менен карым  - катнаштарында жол картасынын тынчтык боюнча экендигин айтканын кабарлаган. Эрдоган : «Биз Эгей деңизинин тынчтык деңизи экендигин дүйнөгө жар салуусун каалайбыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Столго кайтып келүү үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасы таанылыш керек» деген маалыматында президент Эрдогандын Кипрдин байыркы жана негизги элементи болгон кипрлик түрктөрдүн аралда азчылык эмес экендигин жана эч качан азчылык болбой турганын айткандыгын жазган. Эрдоган: «Эгер сүйлөшүү столуна кайтуу керек болсо, мунун жолу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  таанылышы»,-деди.

«Ватан» гезити «Татардан Кипрде тең статуска басым жасоо» деп билдирип, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын президент Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасына ар дайым ээ чыккандыгын, мунун да өздөрүнө күч бергендигин айтанын жазган. Кипрде эки башка калктын бар экендигин белгилеген Татар : «Аралда  эгемендүү теңдиктин негизинде жана тең статустун кабыл алынышы менен гана сүйлөшүү боло алат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Немис медиасынан Эрдоганга мактоо» деген макаласында президент Эрдогандын лидерлиги немис мамлекеттик каналында талкуулангандыгын белгилеген. ZDF каналынын модератору Маркус Ланц түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын бардык жерде учканын белгилеп : «Сирия, Ирак, Ливия, Азербайжан, Украинада бардык жерлерде түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараты учуп жатат. Тактап айтканда Эрдоган бардык жерде»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия аймактын башкаруучусу болду» деп жазып, борбору АКШ болгон Breaking Defense интернет сайтынын Түркиянын АКШнын Түштүк Чыгыш Азиядагы үстөмдүк коргонуу экспорттоочу позициясын колго алып жаткандыгын баяндаган. Макалада Малайзияда өткөн LIMA 2023 коргонуу жарманкесинде эң көп көңүл бурган өлкөнүн Түркия экендиги  баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар