Түрк басма сөзү 22.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1989027
Түрк басма сөзү 22.05.2023

«Йенишафак» гезити «Дефне ооруканасы 57 күндө ачылды» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын «60 күндө бүтүрөбүз» деп убада кылган Хатайдагы Дефне мамлекеттик ооруканасынын ачылышын ишке ашырганын билдирген. Эрдоган 57 күндө бүткөрүлгөн оорукананын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, бүгүндөн тарта бейтаптарды кабыл алуунун баштала турганын айтты.

«Стар» гезити «Түркиядан Израилге реакция» аттуу маалыматында Түркия Израилдин ашкере оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин, басып алынган Чыгыш Кудстагы Акса мечитине жүргүзгөн рейдин айыптап, «Бул чагымчыл жана фашисттик кыймылдар эч качан кабыл алынбайт»,-дегенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «ТПАО, Шейит Айбүке Ялчын-2 скважинасында бургулоо иштерин баштады» аттуу кабарында Түрк мунайзаттар корпорациясы (TPAO) Шырнакта террордон тазаланган Габар тоосундагы Шейит Айбүке Ялчын-2 (ШАЙ-2) скважинасында бургулоо иштерин баштаганын жарыялаганын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Жер Ортолук деңиздеги жаратылыш газ куурун Түркиясыз элестетүү мүмкүн эмес» аттуу маалыматында Италиянын энергетикалык компаниясы ENIнин башкы директору (CEO) Клаудио Дескальцинин, Жер Ортолук деңизиндеги жаратылыш газ куурунун иштерин Түркиясыз элестетүү мүмкүн эмес экенин айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити гезити «Канн фестивалында Нури Билге Жейлан жаңырыгы» аттуу кабарында 76-Канн кинофестивалында Нури Билге Жейландын ТРТ менен биргелешип тарткан "Куру чөптөр үстүнө" киносунун "Алтын пальма" үчүн ат салышкан 21 тасманын арасында орун алганын билдирген. Фестивалда тасманын дүйнөлүк бет ачары өткөрүлдү. Көрсөтүлгөндөн кийин тасма 11 мүнөт бою дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду.



Тектеш кабарлар