Түрк басма сөзү 25.04.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1979187
Түрк басма сөзү 25.04.2023

«Стар» гезити «Президент Эрдоган : Түркияны Европанын өндүрүш базасы кылууну максат кылуудабыз» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Бурсанын Гемлик районунда SIRO батарея өнүктүрүү жана өндүрүү кампусунун пайдубалын түптөө  аземинде сөз сүйлөгөндүгүн жазган. Президент Эрдоган «Түркияны электрлүү унаалар менен бирге батарея технологияларында да Европанын өндүрүү базасы кылуу максатында жолго чыктык»,- деди.

«Хүррйиет» гезити «Министр Чавушоглунан Байденген катуу каршылык» деп билдирип, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуяларга байланыштуу билдирүүсүнө каршылык көрсөткөндүгүн белгилеген. Министр Чавушоглу : «Тарахты бурмалоого аракет кылган саясий шарлатандар кайрадан сахнага чыкты»,-деди.

«Сабах» гезити «Шентоп «Түркия баскынчы» деген Түштүк Кипр Рум башкаруусунун өкүлүнө каршылык көрсөттү» деп жазып, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоптун Түштүк Кипр Рум башкаруусунун  парламент спикери Аннита Димитриунун Европа Биримдигинин парламент башчыларынын саммитиндеги Кипр провокациясына катуу каршылык көрсөткөндүгүн маалымдаган.

Димитриунун Кипр тынчтык операциясын «оккупация» деп бурмалоосунан кийин сөз сүйлөгөн Шентоп: «Түркиянын 1974-жылы Кипрге кийлигишүүсүн Россиянын Украинага басып  алуу аракети менен салыштыруу чындыктарды бурмалоо болуп саналат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын жаңы танкы  «Алтай» дүйнөлүк басма сөздө» деген  макаласында түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырылган Түркиянын согуш талаасындагы жаңы  күчү болгон «Алтай» танкынын локалдуулугу менен дүйнөлүк медиада чоң таасир жараткандыгын белгилеген. Кабарда танктын түрк куралдуу күчтөрүнө кошо турган күчүнө көңүл бурулду. «Алтайдын» согуштук жөндөмдүүлүгү заманбап технологиялар жана инновациялар менен жакшыртылганы маалымдалды.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул аэропортунда каттам жана жүргүнчү рекорду» деп жазып, Стамбул аэропорту мурунку күнү аткарган 1548 каттам жана 224 миң 709 жүргүнчү менен ачылышынан берки эң жогорку күнүмдүк каттам жана жүргүнчү санына жеткендигин кабарлаган.



Тектеш кабарлар