Түрк басма сөзү  07.03.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1955886
Түрк басма сөзү  07.03.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Шайлоо 14 -  майда өткөрүлөт» деген кабарында Президент Режеп Таййип Эрдогандын министрлер кабинетинин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө шайлоонун 14 - майда боло турганын кайталап: «Процессти 10-март жума күнү конституциянын берген ыйгарым укуктарына таянып, чыгара турган шайлоо чечиминен кийин Расмий гезитте жарыялоо менен баштайбыз»,- дегенин жазган.  

«Хабер түрк» гезити «Улуттук биримдиктин президентикке талапкери Кылычдароглу» деп жазып, Республикалык элдик партиясы, Саадет партиясы, ДЕВА партиясы жана Келечек партиясынын лидерлери кошулган Улуттук биримдиктин президентикке талапкери Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу болгондугун белгилеген. Беш партиянын лидерлери болсо вице  - президент болот.

«Йени шафак» гезити «Түрк куралдары Геманиядагы жарманкенин фаворити болду» деген макаласында дүйнөнүн алдыңкы жеңил курал өндүрүүчүлөрүнөн CANiK Германиянын Нюрнберг шаарында өткөрүлгөн Enforce Tac коргонуу жана коопсуздук жабдыктары жарманкесинде дүйнөгө таанымал продукцияларын көргөзмөгө чыгаргандыгын жазган. Жарманкеде CANiKтин стенди чоң кызыгуу жаратты.

«Сабах» гезити «TAVдын 3 аэропорту дүйнөнүн мыктыларынын арасына кирди» деген маалыматында TAV аэропорттору тарабынан башкарылган Анкара Эсенбога аэропорту, Скопье жана Загреб аэропорттору, Эл аралык аэропорттор кеңеши (ACI World) тарабынан «Аэропорт кызматынын сапаты ASQ» программасынын алкагында өз категориясында «Эң мыкты аэропорт» сыйлыгына ээ болгондугун кабарлаган.

«Стар» «гезити «Түркия жер титирөөгө карабастан туристтерди тартууну улантууда» деп билдирип, Түрк саякат агенттиктери бирикмесинин башкаруу кеңешинин төрагасы Фируз Баглыкаянын Түркиянын салттуу түрдө эң жогорку туризм потенциалына ээ болгон базарлардан кызыгуунун уланып жатканын баса белгилеп : «Германия, Россия, Англия, Польша жана башка өлкөлөрдөн орун ээлөө талаптары келүүдө.  Нидерландия Европада алдыңкы орунга чыкты»,-  дегенине орун берген.



Тектеш кабарлар