Түрк басма сөзү 22.02.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1949643
Түрк басма сөзү 22.02.2023

«Ватан» гезити «Эрдоган: Кыйынчылыктарды тез арада жеңебиз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, жер титирөө аймактары Османие жана Газиантепке сапарында колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жаткандарын белгилеп: «Шаар борборлорубуз сыяктуу айылдарыбызды да 1 жылдын ичинде жандандырууну максат кылып жатабыз. Измир жер титирөөсүндө Измирди кантип кайрадан жандандырган болсок бул өкмөт азыр да 11 облусубузда бул кыйынчылыктарды тез арада жеңет»,- дегенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «Акар: 20 миң сириялык өз жерлерине кайтты» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар, кылымдын апаатынан кийин Сириядан Түркияга качкындардын агылып жаткандыгы тууралуу айтымдардын чындыкка коошпогонун белгилеп: «Бир жактуу түрдө Түркиядан Сирияга үйлөрүнө жана жерлерине кайтып жаткан сириялык жарандар бар. Учурда бул көрсөткүч 20 миңден ашты»,- дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «БУУ Түркия менен Сирияга жардамды тездетүүгө чакырды» аттуу кабарында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) мүчө мамлекеттерди жер титирөөдөн кийин Түркия жана Сирия үчүн башталган жардам акциясына тезирээк салым кошууга чакырганын жазган.

«Стар» гезити «ДСУда Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондор эскерилди» аттуу маалыматында Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) расмий эмес жалпы кеңешинин жыйынында Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондор бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерилгенин билдирген.

«Йенишафак» гезити «Тогуз облуста мунай изделет» аттуу кабарында Расмий гезитте жарыяланган чечимге ылайык, Диярбакыр, Шанлыурфа, Бингөл, Элазыг, Анталья, Адыяман, Газиантеп, Килис жана Кахраманмараштагы 15 кен үчүн Түрк мунайзаттар корпорациясына (TPAO) мунай чалгындоо лицензиялары берилгенин жазган.



Тектеш кабарлар