Түрк басма сөзү 1.02.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1940364
Түрк басма сөзү 1.02.2023

«Стар» гезити «Чавушоглунун Швеция билдирүүсү: «Ооба» деп айтуу мүмкүн эмес» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу милдеттенмелерин аткарса отуруп ойлоно тургандарын белгилеп: «Бирок азыр бул шарттарда Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө «ооба» деп айтуубуз мүмкүн эмес»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Германиялык Bildден жаңы талдоо: Түркия Германиядан оозуп кетти» аттуу маалыматында Түркиянын, Орусия-Украина согушу учурунда жүргүзгөн тынчтык дипломатиясы жана глобалдык масштабда өнүктүргөн экспорттук күчү да талдоо темасы болууну улантып жатканын билдирген. Германиянын «Bild» гезити Түркия жөнүндөгү макаласында моюнга алуу сыяктуу сөздөрдү жазды. Түркиянын Орусия менен болгон импорт жана экспорт көрсөткүчтөрү бир жылдын ичинде эки эсеге өскөнүн маалымдаган гезит, Түркиянын ушундан улам Германиядан тактысын алганын белгилеген.

«Хүррийет» гезити «IMF Түркиянын өсүү болжолун көтөрдү» аттуу кабарында Эл аралык Валюта Фонду Түркиянын 2022-жылга карата өсүү болжолун көтөргөнүн жазган. Октябрь айындагы отчетунда Түркия үчүн 2022-жылы 5 пайыздык өсүүнү болжолдогон IMF, жаңы отчетунда бул көрсөткүчтү 5,5 пайызга жогорулатты.

«Ватан» гезити «Түрк аскерлери буталарды лазердик башкарылуучу 'CİRİT' ракетасы менен  атты» деген малыматында Карста катаал аба ырайы шарттарында уланып жаткан «Кышкы машыгуу-2023» атуусунда аскерлер лазер менен башкарылган «ЖИРИТ» ракетасы менен бутага таамай сокку ургандарын билдирген.

«Йенишафак» гезити «Рекорддун артынан рекорд» аттуу кабарында Европадагы аэропорттордун ортосунда кабыл алынган жүргүнчүлөрдүн саны жана каттамдар боюнча акыркы үч жылдан бери биринчи орунда турган, 2022-жылды лидер катары аяктаган Стамбул аэропорту январдын 4-аптасында күнүмдүк 1229 каттам менен биринчи орунга чыкканын жазган.



Тектеш кабарлар