Түрк басма сөзү  26.01.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1938198
Түрк басма сөзү  26.01.2023

«Ватан» гезити «Түркиядан Швецияга НАТО билдирүүсү» деген маалыматында Улуттук Коопсуздук Кеңешинин президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Бештепеде чогулгандыгын билдирген. Жыйындан кийин жарыяланган билдирүүдө Швецияга маалымат берилип : «НАТОго кошулууну каалагандар милдеттерин аткаруулары керек»,- деп айтылды. Түркия НАТО мүчөлүгү үчүн Швециянын алган милдетине баш ийип, террордук уюмдарга берген колдоону токтотуусу жана террористтерди тапшыруусун талап кылууда.

«Хүррийет» гезити «Челик : чагымчылдыктын аркасында Түркия душмандыгы бар» деп жазып, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин Швециядагы Куран Каримди өрттөө чагымчылдыгынын аркасында президент Эрдоган жана Түркия душмандыгынын жаткандыгын айтканын белгилеген. Челик чагымчылдыктын фашисттик аң  - сезим экендигин айтты.

«Стар» гезити «Финляндия Түркияга курал эмбаргосун жойду» деген кабарында Түркиянын НАТОго мүчөлүгү үчүн Швеция жана Финляндиядан талап кылган шарттардын бири болгон курал эмбаргосунун жоюлушу тууралуу Швециядан кийин Финляндиянын да кадам таштагандыгын билдирген. Финляндиянын коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта Түркияга карата аскердик техникалык экспортуна салынган эмбаргонун жоюлганы жарыяланды.

«Йени шафак» гезити «Алтундан Илон Маскка чакыруу» деп билдирип, өткөн күндөрдө Түркияга жасалган жашыруун цензураларды эске алган президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун Твиттер башкаруусуна жана Илон Маскка кайрылгандыгын жазган. Алтун : «Өткөн күндөрдө Твиттер аркылуу Түркиянын саясий турмушуна түрдүү кийлигишүүлөрдүн болгондугун айтыңыз. Урматтуу президентибиз Эрдогандын, биздин социалдык медиа эсептерибизге кандай жашыруун цензуралардын колонулгандыгын ачыкка чыгарыңыз»,- деп чакыруу салды.

«Сабах» гезити  «Космоско чыга турган талапкерлер белгилүү болду» деген макаласында Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын космоско чыга турган талапкерлердин аныкталганын, президент Эрдогандын жакын арада буларды жарыялай турганын айтканын маалымдаган. Долбоордун негизинде эки космостук жүргүнчү талапкери белгиленет. Талапкерлердин бирөөсү Түркиянын биринчи адам башкарган космостук миссиясын аткаруу үчүн Эл аралык космос станциясына жиберилет.



Тектеш кабарлар