Түрк басма сөзү 23.01.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1936389
Түрк басма сөзү 23.01.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Канал Стамбулду эртеби-кечпи ишке ашырабыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Кагытхане-Стамбул аэропорту метросунун негизинде метро куруудагы күчүн жана мүмкүнчүлүгүн бүткүл дүйнөгө далилдегенин айтканын жазган. Кара деңизди Жер Ортолук деңизге туташтыра турган Стамбул Каналынын эртеби кечпи ишке ашырыла турганын белгилеген Эрдоган: «Босфордун жүгү жеңилдейт, Стамбулдун баалуулугу жогорулайт»,-деди.

«Сабах» гезити «Жек көрүү кылмышына каршы бир үн» аттуу маалыматында Швецияда Куранга жасалган кол салууга Түркиянын каршылык көрсөткөнүн билдирген. Швециянын Стамбулдагы башкы консулдугунун алдына кара гүлчамбар коюлду жана Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаштын чакыруусу менен өлкө боюнча 90 миң мечитте миллиондогон атуулдар чогулуп Куран угуп, дуба кылышты.

«Йени шафак» гезити «Эрбаш: Ыйык китепке согушта да эч ким тийбейт» аттуу кабарында Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш, Швецияда Куранга жасалган жийиркеничтүү кол салууга байланыштуу: «Куран бир гана мусулмандарга жөнөтүлгөн китеп эмес; Бул бардык адамдарга жөнөтүлгөн китеп»,-дегенин жазган. Эрбаш согушта да ыйык китептерге эч кимдин тийбей турганын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Челик: Швеция адамзатка каршы кылмыштын өнөктөшү болду» аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Швециядагы элчиликтин алдында Курани Каримдин өрттөлүшүнө байланыштуу: «Швеция адамзатка каршы кылмыш болгон жийиркеничтүү ишке уруксат берди. Бул сөз эркиндиги эмес; бул бардык адамдык баалуулуктарга душмандык мамиле. Швециянын органдары адамзатка каршы кылмыш актысынын бир бөлүгү болду»,- дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Байрактар ​​TB2 Reaperден оозуп кетти» аттуу кабарында Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Байрактар ​​TB2лердин, дүйнөгө таанымал Массачусетс Технология Институтунун (MIT) көз карандысыз басылмасы MIT Technology Review тарабынан 2023-жылдын жаңы технологияларынын арасында көрсөтүлгөнүн жазган. Журналда 'Reaper' сыяктуу Америкада жасалган учкучсуз учуучу аппараттарга караганда Байрактар ​​ТБ2лерге артыкчылык берилгени айтылды.



Тектеш кабарлар