Түрк басма сөзү 08.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1877334
Түрк басма сөзү 08.09.2022

«Ватан» гезити «Эрдоган: Орусия оңой-олтоң өлкө эмес» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын серб кесиптеши Александр Вучич менен өткөргөн маалымат жыйынында Орусиянын оңой-олтоң боло турган өлкө эмес экенин белгилеп: «Орусияны баалабагандарга айтам, силер туура эмес кылып жатасыңар. Орусия оңой-олтоң өлкө эмес. Эмне болду? Орусия учурда жаратылыш газды өчүрүп салды, Европада баалар чукул көтөрүлдү. Азыр баары кыштан кантип чыгабыз деп ойлонуп жатышат. Буга чейин бул жөнүндө ойлонгон эмессиңер. Ар ким ага кол салганда Орусия да өзүнүн каражаттары жана куралдарын колдонот да»,-деп айтканын баяндаган.

 «Стар» гезити «Вучич: Эмдиги жылы Түркиядан сатып алабыз» аттуу кабарында Сербиянын президенти Вучич президент Эрдоган менен коргонуу өнөр жайы темасында пикир алмашкандарын белгилеп: «Түркиядан куралдуу учкучсуз учуучу аппарат сатып алуу үчүн келерки жылы кадам таштайбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Путин: Түркия ортомчу болбогондо эгин муктаждарга жетпей калмак» деген кабарында Орусиянын президенти Владимир Путин Түркия ортомчулук иш-аракеттерин жүргүзгөн эгин коридоруна байланыштуу билдирүүсүндө, Түркия арачы болбогондо бул эгин муктаж болгон өлкөлөргө эмес, Европа өлкөлөрүнө бара турганын айтты.

«Сабах» гезити «Европада башаламандык, түрк аэропортторунда комфорт» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу эпидемия учурунда авиация тармагына берилген колдоонун үзүрүн көрүшкөндөрүн белгилеп, «Европада хаос, Түркиянын аэропортторунда комфорт бар»,-деп айткандарын белгилеген.

«Хүррийет» гезити «2023-жылы Түркияга туристтердин агымы болот» деген кабарында Түркия климаты, жаратылыш кооздугу жана деңиз туризми менен чет элдиктер көп барган жерлердин бири болууну улантканын маалымдаган. Туристтер дестинацияларды чийүүдө колдонгон өлкөлөрдүн бири болгон Түркияга 2023-жылы 50 миллион туристтин келери күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар