Түрк басма сөзү 18.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1869477
Түрк басма сөзү 18.08.2022

«Ватан» гезити «Израиль менен жаңы доор» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин премьер-министри Яир Лапид менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Өз ара элчи дайындоо чечимине токтолгон президент Эрдоган, жаңы элчини дайындоо үчүн эң кыска убакытта керектүү кадамдарды таштай тургандарын айтты.

«Стар» гезити «Түркия баары менен сүйлөшө алган актер» деген маалыматында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Франциянын борбор шаары Парижде «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин реформасы» панелин өткөргөнүн белгилеген. Эл аралык саясаттарды изилдөө борборунун (CeSPI) Түркия обсерваториясынын координатору Валерия Гианнота панелде сүйлөгөн сөзүндө: «Түркия сыяктуу өсүп келе жаткан күчтүн ролу тууралуу дагы бир жолу ойлонушубуз керек. Өлкөнүн дипломатиялык аракети жана географиялык абалы менен Түркия ар ким менен сүйлөшө ала турган бир актер»,-деп айтканын берген.

«Йени Шафак» гезити «Абдүлхамид Хан кемеси алгачкы бургулоо иштерин баштады» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Түркиянын төртүнчү бургулоочу кемеси Абдүлхамид Хандын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги Йөрүклер-1 кудугунда бургулоо иштерин баштаганын билдиргенин жазган. Бургулоочу кеме 9-августта президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өткөрүлгөн азем менен биринчи миссиясын аткара турган жер Йөрүклер-1 кудугуна жөнөтүлгөн.

«Хүррийет» гезити «Германиянын басма сөзүнөн түрк SİHAларына мактоо» аттуу кабарында Түркиянын аскердик өнөр жайына көңүл бурган Германиянын Focus интернет сайты таң калыштуу бир анализ жарыялады. Кабарда Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын «Орусиянын президенти Владимир Путин баш болгон бүткүл дүйнөдөгү кардарларды шыктандырганы» белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Малайзиянын ханышасы Кападокияда жашагысы келет» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Анкарага келген Малайзиянын падышасы Султан Абдуллах Риъаятуддин Эль-Мустафа Биллах Шахтын жубайы ханыша Тунку Азиза Кападокияны кыдырганын жазган. Кападокияга суктанган Азиза: «Мен бул жерди көргүм келген. Мурда да келгим келген, бирок менин эми гана мүмкүнчүлүгүм болду. Мен аскадан оюлган жерди сатып алып, ушул жерде жашагым келет»,-деди.

 

 



Тектеш кабарлар