Түрк басма сөзү 16.08.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1868313
Түрк басма сөзү 16.08.2022

"Ватан" гезити "2022 -  жыл 29 -  октябрда Түркиянын автомобиль заводунун расмий ачылышын аткарабыз" деген макаласында Президент Режеп Таййип Эрдогандын лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын негизделишинин 21 -  жылындагы программада сөз сүйлөгөндүгүн, Түркиянын жергиликтүү автомобили ТОГГдун даяр экендигин белгилеп : "2022 -  жылы 29 -  октябрда Түркиянын автомобиль заводунун расмий ачылышын аткарабыз. 2023 -  жылдын биринчи чейрегинде автомобилибизди жолдордон көрө баштайбыз",- дегенин  жазган. 

"Стар" гезити "АКШдан Түркияга Ф  - 16 чакыруусу" деп билдирип, Түркиядан  аскердик делегациянын Ф  - 16  аскердик учагын алуу жана модернизациялоо процессине байланыштуу сүйлөшүүлөр үчүн АКШга кеткендигин билдирген. Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта делегациянын АКШнын чакыруусу менен баргандыгы белгиленди. 

"Йени шафак" гезити "Француз басма сөзүндө күн тартиби Түркия жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар" деген кабарында дүйнөнүн жергиликтүү жана улуттук түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынан сөз кылууну улантып жаткандыгын жазган. Акыркы болуп француз басма сөзү Байрактар ТБ 2  жана "Кызылелма" тууралуу биринчи беттен жазган. ТБ 2  Украина үчүн "күчтүү союздаш" деп аталып,  Түркияда жасалган куралдуу учкучсуз учуучу аппарттардын бүткүл дүйнөдө ийгиликке жетишкендиги билдирилди жана "Кызылелма" консептине өзгөчө көңүл бурулду. 

"Хүррийет" гезити "БУУдан түрк туризми үчүн оң билдирүү" деген маалыматында БУУнун Дүйнөлүк Туризм Уюмунун башкы катчысы Зураб Полокашвили Түркия тууралуу : "Түркия туризмде эч шексиз алдыңкы жерлердин бири. Дагы көп зыяратчыны тартуу үчүн керек болгон профессионал адам ресурсуна жана туризм аймактарына ээ",- дегенин маалымдаган. 

"Хабер түрк" гезити "Стамбул аэропорту өткөн жумада Европанын эл эң көп болгон аэропорту болду" деп билдирип, Стамбул аэропортунун  8 - 14 -  август күндөрү Еврпадагы эл эң көп болгон аэропорттордун арасында күнүмдүк орточо 1332 каттам менен биринчи орунду алгандыгын жазган. 

 



Тектеш кабарлар