Түрк басма сөзү 10.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1865918
Түрк басма сөзү 10.08.2022

«Хабер түрк» гезити «Абдүлхамид Хан кемесинин кызмат орду аныкталды» аттуу кабарында Абдүлхамид Хан бургулоочу кемесинин, Мерсин Ташучу портунан иштей турчу аянтка жөнөтүлгөнүн жазган. Президент Режеп Таййип Эрдоган бургулоочу кеменин кызмат ордунун Антальянын Газипаша районунан 55 километр алыстыкта ​​жайгашкан Йөрүклер-1 кудугу болоорун айтты. Эрдоган: «Йөрүклер-1 кудугу Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги комплекстүү иш планыбыздын биринчи кадамы болуп саналат»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия Абдүлхамид Хан кемеси үчүн NAVTEX жарыялады» аттуу маалыматында «Абдүлхамид Хан» бургулоочу кемеси иштей турган аянт үчүн жаңы NAVTEX (деңизчилерге жарыя) жарыяланганын кабарлаган. Билдирүүгө ылайык, кеменин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги миссиясы 7-октябрга чейин уланат. «Абдүлхамид Хан» кемеси 3 кеме менен уланта турган иштерин «Йөрүклер-1» кудугунда жүргүзөт.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын бургулоочу кемесинен дүйнөдө бешөө гана бар» аттуу кабарында дүйнөдө болгону бешөө болгон жана Түркиянын да төртүнчү бургулоочу кемеси «Абдүлхамид Хандын» кечээ президент Эрдогандын катышуусунда өткөрүлгөн аземден кийин жол тартканын жазган. Дүйнөдөгү саналуу бургулоочу кемелердин арасында орун алган Абдүлхамид Хандын узундугу 238 метр, туурасы 42 метр, бийиктиги 112 метр. Ошондой эле 200 адамдан турган экипажы бар кеме 12200 метрге чейин бургулоого жөндөмдүү.

«Йени шафак» гезити «Ислам дүйнөсү Коньяда жолугушту» аттуу маалыматында Түркиянын Конья шаарында уюштурулган 5-Ислам тилектештиги оюндарынын ачылышы президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда шаңдуу өткөрүлгөнүн билдирген. «Биримдик-күч» урааны менен башталган жана 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышкан иш-чара18-августка чейин уланат.

«Ватан» гезити «Түрк илимпоздору иштеп чыкты, дүйнө үчүн үмүт болду» аттуу кабарында түрк илимпоздору тарабынан иштелип чыккан, суукка, кургакчылыкка жана ооруларга чыдамдуу, жогорку сапаттагы супер буудайдын биринчи түшүмү Сиваста жыйналганын жазган. Жаңы буудай түрүнүн Түркиянын жана бүткүл дүйнөнүн ыктымалдуу азык-түлүк тартыштыгына чечим болоору болжолдонууда.



Тектеш кабарлар