Түрк басма сөзү 6.07.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача малыматтар.

1852391
Түрк басма сөзү 6.07.2022

«Ватан» гезити «Кара деңизде дан коридорунун планы» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Италиянын премьер-министри Марио Драги менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында: Кара деңиздеги дан коридоруна байланыштуу: «(Орусиянын президенти Владимир) Путин менен (Украинанын президенти Владимир) Зеленскийдин мамилеси маанилүү. 1 апта -10 күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдү активдештирүүгө жана жыйынтыктоого аракет кылабыз»,-дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Швециялык министрдин Түркия тууралуу билдирүүсү» аттуу маалыматында НАТОго мүчө болууга арыз берген Швеция жана Финляндия менен Мадридде «үч тараптуу меморандумга» кол коюлган жана Түркиянын бардык талаптары кабыл алынган келишимден кийин Швециядан билдирүү келгенин жазган. Тышкы иштер министри Энн Линде: «Үч тараптуу меморандумга толук баш ийебиз, аны аткарабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Шенген визасын алуудагы кыйынчылык» аттуу кабарында түрк жарандарынын Шенген визасын алууу учурунда туш болгон кыйынчылыктарды билдирүү үчүн Анкаранын чара көрүп жатканын билдирген. Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясына да бул темада отчет берилди.

«Стар» гезити «Дос өлкө менен көмүр суутеги боюнча өнөктөштүк» аттуу маалыматында Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд өлкөсүнүн көмүр суутеги кору боюнча түрк жана Сомали өкмөттөрүнүн кызматташуу сүйлөшүүлөрүн өткөргөндөрүн белгилеп: «Көмүр суутек боюнча өкмөттөр аралык өнөктөштүк темасын талкуулай баштадык»,- дегенин жазган.  

«Йени шафак» гезити «THY жана Стамбул аэропорту кайрадан лидер» аттуу кабарында ИГА Стамбул аэропорту май айында 5 миллион 661 миң 151 жүргүнчү менен Европадагы аэропорттор арасында биринчи орунду ээлесе, Түрк аба жолдору 27-июндан 3-июлга чейин күнүмдүк 1510 каттам менен желек ташуучу авиакомпаниялар арасында эң көп каттам жасаган аба жолу болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар