Түрк басма сөзү 13.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1842046
Түрк басма сөзү 13.06.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Батышка ишенүүгө болбойт» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын Грецияда курган базаларына каршылык көрсөтүп: «Ал базаларды эмне үчүн курдуңуз?» деп сураганда, берген жообу «Орустарга каршы» дешет. «Орустарга каршы» дегенде, Украинага орустарга каршы эмне кылып койдуңар? Украинанын жанында тура алдыңарбы? Украинаны колдой алдыңарбы? Баары жалган. Бул Батышка ишенүүгө болбойт» дегенин жазган.

«Стар» гезити «Грециянын Түркия чечими» аттуу маалыматында Грек өкмөтүнүн ар дайым Түркияга каршы тымызын иш кылганын белгилеген президент Эрдоган, Измирде өткөрүлгөн жана 37 өлкө катышкан EFES-2022 машыгуусунан кийин Греция өкмөтүнүн Түркияга каршы эч кандай билдирүү жасабоо чечимин чыгарганын жарыялаганын билдирген.

«Ватан» гезити «Эрдоган, шайлоо келерки жылдын июнь айында» аттуу кабарында президент Эрдоган президенттик шайлоонун келерки жылдын июнь айында болоорун айтканын маалымдаган. Ванда жаштар менен жолугушкан Эрдоган: «Шайлоо күнү белгилүү. Ноябрда шайлоо болбойт. Шайлоо келерки жылдын июнь айында болот», - деди.

«Йени Шафак» гезити «Столтенберг: Түркиянын тынчсыздануусу мыйзамдуу» аттуу маалыматында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын террордон алыс болбогон Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө макул эместигине байланыштуу: «Түркиянын берки НАТО союздаштарына караганда террордон көбүрөөк таасирленгенин моюнга алышыбыз керек. Түркиянын кооптонуусу мыйзамдуу» дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Үйлөрүнө кайткан сириялыктардан чакыруу: Коркпогула, келгиле» аттуу кабарында Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциялары менен террордон тазаланган Сириянын түндүгүндөгү аймактарга сириялыктардын кайтуулары уланып жатканын билдирген. 4 жылдан кийин Африн Шера шаарындагы Серинчек айылындагы үйлөрүнө кайткан Мехмет Хоро Иззеттин жана жубайы Расмие Халил Иззеттин: «Африн биздики. Африндиктер үйлөрүңөргө кайткыла» деген чакыруу салышты. 



Тектеш кабарлар