Түрк басма сөзү 10.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1824450
Түрк басма сөзү 10.05.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Биз улуу жана күчтүү Түркиянын курулушун этап-этабы менен жүргүзүп жатабыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, дүйнө жүзү жана аймагы согуштардын, кагылышуулардын, саясий, экономикалык кризистердин, социалдык баш аламандыктардын кучагында азаптуу мезгилди башынан кечирип жаткан ушул күндөрдө Түркиянын өз багытынан тайбастан алдыга жылып жатканын айтканын билдирген. «Азыр ар бир тармакта бутуна туруп, бардык досторуна, бир туугандарына колдоо көрсөтө ала турган Түркия бар» деген Эрдоган: «Улуу жана күчтүү Түркиянын курулушун этап-этабы менен жүргүзүп жатабыз»,-деп кабарлады.  

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Салманга телефон чалды» атуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Сүйлөшүүдө Эрдоган ооруканада жаткан Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиздин ден соолук абалы тууралуу маалымат алды жана каалоо-тилектерин айтып тезирээк сакайып кетишин каалады. Сүйлөшүүдө Түркия-Сауд Арабия карым-катнаштары жана аймактык маселелер да талкууланды.

«Стар» гезити «Швейцарияда террорду колдогондор кармалды» аттуу кабарында Швейцариянын Базел шаарында 8-майда өткөрүлгөн 23-апрель Эл аралык балдар фестивалынын катышуучуларына кол салып, 6 кишини жабыркаткан жикчил террордук уюм ПККнын 5 жактоочусунун кармалганын жазган. Кармалган кол салгычтарга карата сот иштери башталды.

«Йени шафак» гезити «Улуттук коргоо министрлигинен террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсү» аттуу маалыматында Улуттук Коргоо министрлигинин расмий социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасаганын билдирген. Постто: «Эч ким кабатыр болбосун! Европанын ортосунда балдарга кол салгыдай ырайымсыз болгондорго жазаны жашырынган уюктарына чейин биз жеке өзүбүз алып баруудабыз. Биздин эр жүрөктөр, балдарыбызды капа кылууга аракет кылган (жикчил террордук уюм ПККга мүчө) террористтерге сокку урууну улантат», деп жазылды.

«Сабах» гезити «Түркия өткөн жылы 106 өлкөгө деңиз азыктарын экспорттоду» аттуу кабарында Айыл чарба жана токой чарба министрлигинин балыкчылык жана суу азыктары боюнча башкы директорунун орун басары Мехмет Нури Йылмаз Түркиянын деңиздери жана ички суу ресурстары менен аквакультура өндүрүшү жагынан маанилүү потенциалга ээ экенин айтканын билдирген. Йылмаз: «Түркия өткөн жылы 106 өлкөгө деңиз азыктарын экспорттоду»,-деди.



Тектеш кабарлар