Түрк басма сөзү 28.04.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1819575
Түрк басма сөзү 28.04.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Батышта күчөгөн исламофобияга көңүл бурду» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кээ бир Европа өлкөлөрүнүн бир канча убакыттан бери Ислам жана мусулмандарга душмандык кылып, алтургай Куранды өрттөп саясий пайда табууга аракет кылганына көңүл бурганын маалымдаган.  Бул вандализмдин сабатсыздыктан келип чыкканын баса белгилеген Эрдоган: «Куранды котормосу менен окуган адамдын бул куттуу Мусхафка душмандык болушу мүмкүн эмес»,-деди.

«Ватан» гезити «Акардан террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсү» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга карай «Чеңгел-Кулпу» операциясын бүт үңкүрлөр тазаланганга чейин токтотпой тургандарын айтканын баяндаган. Акар акыркы террорист жок кылынганга чейин иштерин уланта тургандарын айтты.

«Стар» гезити «Түрк-Ай конференциясы түзүлдү» деген маалыматында Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө 5 мамлекеттин ортосунда Түркиянын Конституциялык соттук конференциясы (Түрк-Ай) менен кызматташтыгы түзүлгөнүн маалымдаган. Стамбулдагы Долмабахче сарайында кол коюу менен түзүлгөн Түрк-Ай менен 5 мамлекеттин Конституциялык сотторунун ортосундагы карым-катнаштар бир топ күчтүү жерге багыт алат.

«Сабах» гезити «Дагы бир атактуу Стамбулду тандады» деген макаласында «Мария Каллас: Каттар жана эскерүүлөр» аттуу спектаклин сахналаштыруу үчүн Стамбулга келген италиялык актриса Моника Беллуччинин «Келечекте Стамбулга отурукташып калышым мүмкүн» дегенин баяндаган. Легендарлуу француз актёру Жерар Депардье да Тузлада жасаткан кайыгы бүткөндөн кийин Францияны таштап Стамбулда жашай турганын билдирди. Көптөгөн атактуулар Стамбулду Европанын көптөгөн шаарларына караганда кооз, жагымдуу жана жандуу шаар деп ойлошот.

«Йени Шафак» гезити «Бахчешехир колледжи FIBA ​​Европа кубогунда чемпион болду» аттуу кабарында Баскетбол боюнча FIBA ​​Европа Кубогунун финалында Италиянын өкүлү Реджио Эмилияны биринчи беттешинде атаандаш талаасында 72-69 эсебинде жеңген Бахчешехир колледжи өз талаасында атаандашын 90-74 эсебинде жеңип чемпион болгонун жана тарыхындагы биринчи Европа жеңишине жетишкенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар